Бишкек-Торугарт жолунда жол кырсыгы: 7 жабырлануучу бар

Жол-транспорт кырсыгы 18-июнда Нарын облусунун Кочкор районунда жүз берген. Авариянын натыйжасында жети адам жабыр тарткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик абалдарды башкаруу борборунун жетекчиси Мухаммед Сваровдун Kloop.kgге кабарлашынча, жабыр тарткандардын абалдары "канааттандыраарлык".

"Ири жол кырсыгы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 255-километринде 18-июнь күнү саат 18:20лар чамасында жүз берди. «Мерседес-Бенц» жана «Мазда Трибьют» маркасындагы эки автомашина кагылышкан. Жол кырсыгынын натыйжасында жети киши жабыркаган", - деп айтты телефон менен болгон сүйлөшүүдө Сваров.

Жол кырсыгы катталган жерге ӨКМнин куткаруу кызматы барып, алгачкы медициналык жардам көрсөткөн.

Жарат алгандар тез жардам бригадасына өткөзүлүп берилген - аларды Кочкор райондук ооруканасына жеткиришкен.

Бул Бишкек-Торугарт унаа жолунда катталган алгачкы жол кырсыгы эмес.

Өткөн жылдын июлунда Нарын облусунун ушул эле районунда жол кырсыгы катталып, анда «БМВ» жана «Хонда Степвагон» автомобилдери кагылышкан.

Анын натыйжасында беш адам набыт болгон.