Депутаттар: “Жатын энелик ислам принциптерине каршы келет”

Парламент мүчөлөрү 18-июндагы отурумунда, репродуктивдүү саламаттыкты коргоо боюнча мыйзам долбоору, ислам принциптерине каршы келгенин айтып чыгышты.
Парламентарий Дамира Ниязалиеванын мыйзам доолбору балалуу боло албаган жубайларга жатын энеликке уруксат берүүнү жана жаш өспүрүмдөргө сексуалдык билим берүүнү сунуштайт.

Жатын энелик - жубайлар өздөрүнүн генетикалык материалдарын - бел суу жана урук клеткасын - аялга өткөрүп берген репродуктивдүүлүк процесси. Анда жатын эне түйүлдүктү өз курсагында көтөрүүгө жана келечекте энелик укугунаан баш тарууга макул болот.

Мындай ой консервативдик маанайдагы парламент мүчөлөрүнүн макулдулугун тапкан жок. Алар мындай репродуктивдүүлүк процессин ислам принциптерине карама-каршы келет деп ойлойт.

“Ислам шариаты боюнча нике тышында балалуу болууга болбойт. Анда, келгиле, улуттук мыйзамда эки аял алууга уруксат берели”, - дейт “Республика” фракциянын депутаты Нурбек Мурашев.

Конституция боюнча, Кыргызстан светтик мамлекет жана анда кандайдыр бир диндин үстөмдүгү жок.

Парламенттин “Ар-Намыс” фракциясынын мүчөсү Турсунбай Бакир уулу, жасалма жол менен уруктандыруунун айынан балдар өздөрүнүн чыныгы аталарын билбей калышат, деп эсептейт.

“Барып, бел суусун тандап жасалма жол менен уруктандырасыз. Балдар атасын билбей ЗАГСсыз белгисиз атадан төрөлө берет. Бул жерде үй-бүлөөлүк жакындык жана балуулук бузулат”, - дейт Бакир уулу Kloop.kgге берген маегинде.

Ошондой эле Бакир уулу кошумчалагандай, жатын энелик улуттун жок болушуна жана ички коопсуздукка коркунуч алып келет.

“Кандайдыр бир кытай милиционери келип, биздин келиндерибизге 10 миң доллардан төлөп берсе, анан 100 миң аял кытайларды төрөп берет. Анан 20 жылдан кийин ички коопсуздук жөнүндө маселе пайда болот”, - деп эсептейт парламентарий.

Жатын энеликке карата болгон мамиле дүйнө жүзүндө ар кандай.

Кайсы бир мамлекеттер - Германия, Франция, Австрия, Норвегия жана Швеция - мындай репродуктивдүүлүк түрүнө тыю салса, башкалар болсо - Россия, Украина, Казахстан жана АКШнын көпчүлүк штаттарында - мыйзамда уруксат берген.

Мындай жол менен бойго бүтүрүүгө каршы болгондор бул маселенин этикалык тарабын айтышат: аялдарды пайдалануу, үй-бүлөө институтун начарлашы, жатын энелердин психологиялык жаракат алуусу.

Жатын энеликке оң көз караштагылар болсо, бул балалуу боло албаган жубайлар үчүн бирден бир ыкма дешет.