Сүрөтбаян: Дарактын тамырынан айкел жана фигуралар

Ар бирибиз айкелди чопо жана мрамордон жасалышын көрүп көнүп калганбыз. Бирок сүрөтчү Сапар Жоробаев фигураларды бир да мык колдонбостон дарактардын тамыры жана бутактардан жасайт. Эн негизгиси ал эч качан дарактын табигый келбетин өзгөртпөйт, ошондуктан жаратуулары “тирүү” болот.

Совет доору кулагандан кийин жалал-абаддык сүрөтчү Сапар Жоробаев ишсиз калган. Ошондо ал чындап тамыр пластикасы менен алектенүүнү чечкен - жыгачтан фигураларды жана айкелдерди жасоо. 24 жылдын ичинде Жоробаев дарактан 160тан ашуун буюм жасаган.

1 IMG_2140
"Арстан" отургучу

Сүрөтчү чыгармачыл үй-бүлөөдө өскөн - ата-энеси комузчу болгон. Жоробаевдин айтымы боюнча, бул анын көркөм өнөргө болгон кызыгуусун алдын ала белгилеген.

2 IMG_21892
Нокаут

Сапар Жоробаев Жалал-Абад облусунда жашайт. Ар жылы жаз мезгилинде ал өзү төрөлүп өскөн Кашка-Суу айылынын чет-жакасын көз жоосун алган тамыр жана бутактарды табыш үчүн айланып чыгат.

3 IMG_2261
Жыландар

Аларды чогултуп, өзүнүн салкын устаканасында кургатат жана күндөн этияттап сактайт. Кай бир убакта ири бак-дарактарды кармап турган тамырлары, ошол кубаттуулугуна карабастан күн нуру астында туруп калса, аларда жарака пайда болот.

4 IMG_2290
Сүзгүч

Жай жана күз мезгилдеринде тамыр жана бутактар кургатылып, кышкысын иштетилишине даярдалып турат. Жыгач кургатылгандан кийин, ал кирден тазаланат жана курт-кумурскаларга каршы дарыланат.

Кийин болсо сүрөтчү тамырга керектүү келбет берип, лак менен боёйт.

Лак эки же үч катмардан коюлат. Жоробаевдин айтымында, бул буюмдардын “40 жылга” чейин бузулбай жаңы бойдон сакталышына мүмкүнчүлүк берет.

5 IMG_2252
Ташбака

Бул стол үчүн жыгачты Жоробаев 1985-жылы дарыя жээгинен таап алган. Андан бери он жыл өткөн соң гана анын үсүндө ишин бүтүрдү. Бул композицияны сүрөтчү “Жылкы” деп атады, себеби эзелки заманда кыргыздар аттын ээрин стол катары колдонушчу.

6 IMG_2240
"Жылкы" столу

Бул пил акациядан жасалган, астындагы түпкүчү болсо - жаңгак дарагынан.

7 IMG_2277
Пил

Шамдалдын буттары жаңгак дарагынан жасалган, алты шамга ылайыкталган жалпак жери болсо акация дарагынан.

8 IMG_2273
Шамдал

Сапар Жоробаев эмгектеринде бир да темир мык колдонбойт. Эгерде ага эки нерсени бириктириш керек болуп калса, анда ал атайын жыгачтан жасалган мык жасайт.

9 IMG_2183
Арстан

Сүрөтчү ар кандай дарактын тамырлары менен иштейт, бирок каттуу түрдөгү тамарыларды артык көрөт, себеби алар көпкө чыдайт.