Жол кыймыл эрежесин бузгандарга жазапул президент кол койгондон кийин кандай болуп өзгөрөт

Парламент жол кыймыл эрежелерин бузгандарга жазапулдун арттырышын толугу менен жактырды. Эми бул мыйзам долбоору акыркы кабыл алынуу баскычында – президент ага кол коюшу керек.

“Жол кыймылы жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр парламент тарабынан 19-июнь күнү бир добуштан кабыл алынды, деп кабарлайт мыйзам долбоорунун автору, парламент мүчөсү Дастан Бекешев.

Катталган жазапулдардын төрттөн бир бөлүгү жол көзөмөлдөө кызматынын бюджетине кетет.

Жазапулдун көлөмү болжолдуу алты эсеге өсүшү күтүлүүдө:

Окулбаган мамлекеттик номерлерге: 3000 сом

1_26202_900

Жасалма номерлер үчүн: 5000 сом

2_IMG_92561-1024x683

Унаанын терезелери пардалар менен тосулган же караңгылатылган болсо: 2000 сом

Унааны туура эмес токтотууга: 1000 сом

4_IMG_20130818_145721

Жол чырак тыюу салган белги бергенде, же жол кыймылын жөнгө салуучунун ишаратына карабастан айдап өтүп кетсе: 1000 сом

5_2603089643_bf5a3051b3_o-1024x657

Каршы тилкеге айдап чыгууга: 1000 сом

Мас абалда унаа айдаса: 1ден 20 миң сомго чейин, же болбосо 1 жылдан 3 жылга чейин айдоо укугунан ажыратуу

7_Skrinshot-19.06.2014-180611

Унааны милициялык, же ыкчам кызматтардын автомобилдериндей боётуп алса: 2000 сом

8_Skrinshot-19.06.2014-180428

Автобуста, же кичи автобустарда заводдо алдын ала көрсөтүлгөн нормадан ашыкча жүргүнчү ташыса: 3000 сом

9_51518

Ашыкча ылдамдыкта айдаса: 500дөн 1000 сомго чейин

Жазапулдардын көтөрүлүшү жол көзөмөл кызматкерлерине да таасир этмекчи – айдоочуну эч кандай документ көрсөтпөй туруп токтоткон милиционерге, эгер ушундай учур видеого жазылып алынса, 5000 сом жазапул айып тагылат.