Бийликтегилер “Пегасустун” бааларын көзөмөлдөшмөкчү

“Пегасус Азия” авиакомпаниясы монополисттердин тизмесине киргизилди - бул бийликке, өзүнүн арзан тарифтери менен таанылган авиаташуучунун билеттерине болгон бааларын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет.

Түркиялык «Пегасус» авиакомпаниясына тиешелүү болгон «Пегасус Азия» Кыргызстанда Ош-Бишкек багыты боюнча учууга болгон бааларынын арзандыгы менен белгилүү.

Мындан эки ай мурда мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү баштан өткөргөндөн кийин авиакомпания монополисттердин тизмесине киргизилген. Ал бийликтегилерге “Пегасустун” тарифтерин жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул санкция, өзүнүн баасынан төмөн баада жүргүнчүлөрдү ташууга мүмкүн эмес, деген жана бул лоу-костер менен атаандаштыкка бара албаганын айтышкан, башка авиакомпаниялардын үзгүлтүксүз арыздары менен байланыштуу.

“Пегасусту” айырмалап турган өзгөчөлүгү - бул анын Кыргызстандагы алгачкы бюджеттик авиакомпания экендигинде. Анда жүргүнчүлөр айрым ыңгайлуулуктардан ажыратылган, бирок билеттер ошонун эсебинен арзан болуп саналат.

Антимонополдук жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинен Kloop.kgге тастыкташкандай, аталган санкциялар “Пегасустун” атаандаштарынын такай айтып келген арыздары менен байланыштуу.

“Башка авиакомпаниялар “Пегасустун” баалары төмөндөтүлгөн, алар өзүнүн баасынан да төмөн учушат, деп аябай арызданышкан. Ошол арыздар алардын реестрге киришине жана жөнгө салуунун керектигине негиз болуп берди”, - деп айтты мамлекеттик монополияга каршы комплекстик анализ бөлүмүнүн башчысы Татьяна Шустикова.

Эксперт кошумчалагандай, бийлик тарабынан изилдөө жүргүзүлгөн. Изилдөөгө ылайык 2014-жылдын башында “Пегасус” базарда пайда болгондон бери жүргүнчүлөр башка авиакомпаниялардын кызматтарынан азыраак пайдаланып калышкан.

“Авиакомпаниялар өздөрүнүн монополиялык абалын жоготуп алгандай болуп калды. Алардын үлүшү болсо аябай төмөндөп кеткен. А “Эйр Манастын” үлүшү болсо өсө баштаган”, - деди мамлекеттик монополияга каршы агенттиктин эксперти.

Себептер ачыкталууда

“Пегасустун” өзүндө кайсы негизге таянып компанияны монополисттердин тизмесине киргизип коюшкандыгына таң калып жатышат - авиакомпаниянын башкы директорунун орун басары Эрмек Өмүралиевдин Kloop.kgге айтышынча, мамлекеттик монополияга каршы агенттиктин катында санкция колдонуунун себеби жазылган эмес.

“Мамлекеттик агенттиктен кат алышыбыз менен, кайра эле биз аларга кат менен тиешелүү документтерди берүүсүн, тагыраак айтканда, ал буйрук эмнеге негизделип чыгарылганын, анан ошол буйруктун көчүрмөсүн көрсөтүүсүн суранып кайрылдык. Алар эмненин негизинде мындай чечимге барганы бизге азырынча түшүнүксүз” , - деп билдирди компаниянын топ-менеджери.

“Пегасус” монополисттердин тизмесине кирүү боюнча чечимин азырынча талашпай турат - адегенде авиакомпания бийликтин мындай аракетинин себептерин жана негиздерин териштирип алмакчы.

Буга чейин “Пегасустун” өкүлү Kloop.kgге берген маегинде, авиакомпаниянын текшерүүлөрдөн чочулабай тургандыгын айтып, аларды банкрот болуп калуудан корккон жергиликтүү авиа ташуучулардын нааразычылыктары менен байланыштырган эле.

Менеджердин айтымында, “Пегасус Азия”, Түркиядан келип чыгышына карабастан - башкалардай эле кыргыз авиакомпаниясы, бирок ошону менен бирге эле эл аралык тажрыйба менен “заманбап концепцияларды жана жетишкендиктерди” колдонот.

Кыргызстандагы алгачкы «лоу-кост»

«Пегасус Азия» — лоу-косттор деп аталган бюджеттик каттамдарды Кыргызстанда биринчилерден болуп аткарып баштаган алгачкы авиакомпания.

Лоу-косттордун бизнес-үлгүсү жөнөкөй эле — жүргүнчүлөр аз топтомдогу шарттар үчүн кыйла арзан баадагы билеттерди сатып алышат.

Эреже катары, бюджеттик авикаттамдарда бизнес-класс сыяктуу кызматтар жок. Алардын «стандарттуу» авиакаттамдардан башка дагы айырмачылыктары бар.

Андан сырткары «Пегасустун» учактары аба майдандарда болушунча аз убакыт кармалышат.

Бирок дүйнөдөгү лоу-косттордун көбүнөн айырмаланып, «Пегасус» жүргүнчүлөрүнө билеттин алгачкы баасынын эсебине кошуп 20 килограммдык жүк алып жүрүүгө уруксат берет.

«Пегасус» Кыргызстандын рыногуна алгач Стамбулга түз каттам ачуу менен кирген, бирок коомчулук тараптан Бишкек-Ош каттамынын ачылышы өзгөчө кызыгууну жараткан. Анткени алардын сунуштаган баасы кээ бирде ошол эле багытта такси менен барууга караганда арзан болуп калуулары мүмкүн.