Өкмөт “кыска убакытта” Ош-Эркештам унаа жолун ачарына сөз берди

20 күндөн ашуун Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош-Эркештам унаа жолу “жакын арада ачылат”, деп кабарлайт өкмөттүн басма сөз катчысы демонстранттар менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин.

Коррупцияга айыпталып кармалган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары премьер-Министр Жоомарт Оторбаев менен сүйлөшүү үчүн 19-июнь күнү Бишкекке келишти.

Алар учурда тергөө абагында отурган парламентарийдин баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүсүн суранышкан.

Оторбаев бардык нерсе мыйзам чегинде чечилиши керек деп айтты.

“Биз “мыйзам диктатурасы” катту сакталаган жана эч кандай ультиматумга жер болбогон укуктук мамлекетте жашайбыз. Биз мындай нерселерге жол бербешибиз керек, жол ачылышы керек” - деп айтты Оторбаев.

Жолугушуунун натыйжасы боюнча, өкмөттүн басма сөз кызматы, демонстранттар кыска убакыттын ичинде Ош-Эркештам жолун ачууга убада берди, делген кабарды таратты.

Демонстранттардын өздөрү менен байланышууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда, Келдибековдун тарапташтары тарабынан Ош-Эркештам жолунун буулуп турушу жөнүндө пикир билирип, терс көз карашта экендигин айтты.

“Алай районунда жолду жабышты. Мунун айынан бажы салык төлөмдөрүндө 80 млн сом жыйнай албай калдык. Көз карандыксыздыктын факторлорунун бири - бул мамлекеттүлүк экендигин унутпашыбыз керек. Мыйзам баардыгына бирдей болушу керек. Бай депутаттар эмне кааласа ошону жасабашы керек. Митингчилер болсо Келдибековдун бошотулушун талап кылууда. Ал кандай болгондо да, ал Алайдын уулу, деп жатышат. Бирок бул туура эмес. Милициянын митингчилерди кууп таратууга күчү жетет, бирок андай кылбайт. Аткени кээ бир адамдар ушун эле күтүп отурушат - кан төгүүнү каалашат. Муну токтотуш керек”, - деп билдирет президенттин сөздөрүн “Вечерний Бишкек”.

Демонстранттар 26-май күнү Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан депутаттын камактагы мөөнөтүнүн дагы бир айга узартылышына нааразы болуп жатышат.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча, жолдун тосулушунан улам 27-майдан 6-июнга чейин келтирилген жалпы жоготуулар 109 млн сомду түзгөн — өлкө бюджети күн сайын 11,5 млн сом зыян тартууда.

Ош-Эркештам унаа жолунун демонстранттар тарабынан тосулуп турган бөлүгүндө учурда Ошко барып, анда жалпы суммасы 46 млн сомдук бажы төлөмдөрүн төлөшү керек болгон 100дөн ашык жүк унаалары токтоп турат.

Келдибековдун айыпталышы

Акматбек Келдибековго карата салык кызматы менен социалдык фондду башкарып турганда кызмат абалын ашыкча пайдаланган деген айып өткөн жылдын ноябрында тагылган.

Саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Ошондой эле ал 2005-жылы «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 млн сом каражатты мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталып жатат.

Андан сырткары Акматбек Келдибековго эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деген айып тагылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табылса 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн билдирген.