Basicolors: Бишкекте граффити фестивалы

Basicolors граффити фестивалы 21-июнда Кыргызстанда болуп өттү - анын Германия жана Франциядан келген катышуучулары “Бирге бактылуу” деген темада Лев Толстой көчөсүндө галлерея тартышты.

1 DSC1310-1024x682 (1)

Basicolors Бишкекте алтынчы жолу өтүп жатат.

2 DSC13081-1024x682

Фестивалга Германия жана Франциядан граффитисттер чакырылган - алардын ичинен 2RODE каймана аттуу эң тажрыйбалуусу граффити менен 26 жылдан бери алектенип келет.

3 DSC1351-1024x682

Фестивалдын темасы “Бирге бактылуу” болгонуна карабастан граффитисттердин ар бири дилине жакын болгон нерсени тартып жатты.

4 DSC1333-1024x682

Көпчүлүк сүрөттөр мышык тематикасында тартылып жатты.

5 DSC1386-1024x682

Чет жерден келген граффитисттердин айтымында жергиликтүү боёктордун сапаты начар болгон - алар өздөрү менен кошо алып келген саптоочтору бул жердеги баллончиктерге туура келбей калган.

6 DSC1282-1024x682

Фестивалдын уюштуруучусу, бишкектик граффитист Виктор Цойдун айтымында, Кыргызстанда граффитинин өнүгүүсү үчүн чоң потенциал бар - сүрөтчү кошумчалагандай, ага граффити тартууну үйрөтүүсүн суранып бат-баттан кайрылгандар бар.

7 DSC1326-1024x682

8 DSC1328-1024x682

Немец граффитисти sbeck айткандай, Кыргызстанда граффити тартуу ага аябай жагат. Анткени Кыргызстанда бул тармак эми-эми пайда боло баштаган жана кроссинг - бир граффитист өзүнүн сүрөтүн атайын башка сүрөттүн үстүнө тартуу - өнүгө элек.

8 DSC13171-1024x682