Карта: Бишкектин борбордук бөлүгү бир ай газсыз калат

Kloop.kgнин редакциясы 2014-жылдын 1-июлунан 1-августуна чейин Бишкектин кайсы райондору газсыз каларын көрсөтүп берүүнү чечти. "Кыргызгаз" газдын өчүрүлүшүн күзгү жана кышкы мезгилге даярдануу менен түшүндүрөт.

Өчүрүү аймагы Лев Толстой, Бейшеналиева, Гоголь көчөлөрү жана Жибек Жолу проспекти менен чектелет. "Кыргызгаздын" басма сөз катчысы Рыспек Аруновдун айтымында, бул профилактикалык иштер жана күзгү-кышкы мезгилге даярдыктар менен байланыштуу.