ЖК комитети жол тоскондорду кылмыш жоопкерчилигине тартууну жактырды

Парламенттеги үч фракциянын башчысы стратегиялык жолдорду тоскондорду жазага тартууну сунуштоодо - мындай мыйзам долбоору бүгүн 24-июнда профилдик комитетте кабыл алынды.

Өмүрбек Текебаев, Чыныбай Турсунбеков жана Феликс Кулов - парламенттеги үч “Ата-Мекен”, КСДП жана “Ар-Намыс” фракцияларынын башчылары - стратегиялык кан жолдорун тосууга санкцияларды караган мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.

Жазанын даражасы стратегиялык жолдун канча саат жабык турганынан жана тартип бузуунун олуттуулугуна көз каранды. Минималдык санкция - административдик жазапул 3 миң сом, максималдуусу - 10 жыл эркининен ажыратуу.

Мыйзам чыгаруудагы мындай өзгөрүүлөр, финансалык алдамчылык себебинен камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары, Кыргызстан түштүгүндө Ош-Эркештам жолун тоскондуктан келип чыккан натыйжалар менен түшүндүрүлөт.

“Бул жолдун тосулушунан Кытайдын ондогон жарандары өз өлкөсүнө бара албай калган, 400дөй кытай ишкерлери зыянга учураган, жүздөн ашуун жүк унаалары токтоп калган, каршылык акциясы болгон убакыт ичинде бажы төлөмдөрүнө жүз миллион сомдой акча каражаты түшпөй калган, айрым калк жайгашкан аймактарга мамлекеттик органдар өз убагында пенсия жана пособиелерин жеткирип бере албай калышкан”, - деп айтылат мыйзам долбооруна жазылган түшүндүрмө-аныктамада.

Өлкөдөгү экинчи маанилүүлүгү болгон Ош шаарын “Эркештам” чек ара бекети менен бириктирген стратегиялык кан жолу бир айга жакын, ушул жылдын 27-майынан 22-июнуна чейин жабык турган.

Бийликтегилер демонстранттар тарабынан жолдун тосулуп тургандыгынан улам келип чыккан акчалай жоготуулар жөнүндө бир нече жолу айтышкан - алгачкы 10 күндүн ичинде 100 млн сомдон ашуун жоготууга учураган.

Өкмөт жана ИИМ күч колдонуу менен бул маселени чечүүгө шашылган жок жана алар Келдибековдун тарапташтары менен тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөргө бара тургандыгын белгилешкен - 22 -июнда болгон мындай жолугушуунун акыркысында кан жолу ачылган.

Бирок демонстранттар өз талаптарын коргоп, жолдун жээгинде митинг өткөрүүнү уланышкан. Алардын талабы Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүсү жана башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетүүсү болгон.

Каршылык көрсөтүүнүн ыкмасы катары жолдун тосулушу

Өлкөдөгү башкы унаа жолдорун тосуу акыркы эки жылда бийликке нааразылык көрсөтүүнүн ыкмасы болуп калды.

Бул тендецияга 2013-жылдын июнь айында негизги алтын өндүрүүчү “Кумтөр” ишканасын улутташтырууну колдогондор Бишкек-Ош жолун тосуу менен түс кошкон.

Анда алардын бул аракети бир канча километрдик жолдун бөгөлүшүн пайда кылган эле.

Жалал-абаддыктардан кийин мындай практикага Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын тургундары да барган. Алар Караколдо “Кумтөрдүн” улутташтырылышы үчүн болгон чоң митинг учурунда кармалган айылдашын бошотуусун талап кылышкан.

Алар Балыкчы-Каракол жолун тосушкан.

Бирок жолду барынан да узак убакытка Ахматбек Келдибековдун тарапташтары тосушкан - алардын Ош-Эркештам жолундагы акциясы 25 күнгө созулуп, өлкөнүн эң жогорку бийлик жетекчилери президент жана премьер-министрдин көңүлүн буруп, бийлик тарабынан эң көп кыжырданууну жараткан.