Аялды кескилегенге 13 жыл күчөтүлгөн тартиптеги абак өкүмү чыгарылды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту кызды кескилеп өлтүрүүгө шектелген Наил Надировду 13 жылга күчөтүлгөн тартипте жазасын өтүү үчүн эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялады.

Надиров Карина Кыштобаеваны кескилеп өлтүргөндүгү жана далилдерден арылуу максатында кыздын денесин таштанды идишине ыргытып жибергендиги үчүн 25-июнда 13 жылга түрмөгө кесилди.

Бирок Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 65-жылдыгынын амнистиясына ылайык анын жаза мөөнөтү чейрек убакытка кыскартылат. Ал түрмөдө баңгизатына каршы дарылоо курсунан өтмөкчү.

Сот ошондой эле өлтүрүлгөн аялдын туугандарына 300 миң сом материалдык жана 500 миң сом моралдык зыян төлөп берүүгө Надировго токтом чыгарды.

Видео: Надировдун көрсөтмөсү

Киши өлтүргүч Кыштобаева менен 2013-жылдын декабрь айында интернет-клубда таанышкан. Ал жерде алар өз контакттарын бири-бирине беришкен - борбордогу милициянын маалыматына ылайык ал кыз коммерциялык секс кызматкери болгон.

Кыштобаева 2014-жылдын январь айынын башында Надировдун үйүнө барып. Ал жерде алар жаңжалдаша кетишкен. Урушуунун жүрүшүндө Надиров кыздын башына эки жолу балка менен уруп, анын баш сөөгүн сындырган.

“Дене бөлүктөрүн эки жуурканга жана целлофан пакетке салып, Панфилов көчөсүндөгү №147-үйдүн маңдайындагы таштанды идишине ыргыткан. Башын болсо Орозбеков көчөсүндөгү №6-үйдүн жер төлөсүнө ыргытып жиберген”, - делет Жогорку соттун пресс-релизинде.

Панфилов көчөсүндөгү үйдүн тургундары бир күндөн кийин жуурканга оролгон аялдын дене бөлүктөрүн таштанды идишинен көрүп калышкан.

Ошол эле күнү ысык издер аркылуу Наил Надиров кармалган. Мурда соттолгон өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, башынан бери ыкчам топ менен кызматташкан.