Бажы биримдигине каршы акциянын катышуучулары акталды

Бишкек шаардык соту Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы уюштурулган акциянын баардык катышуучуларын актады. Активисттер өздөрү борбордогу милиционерлерди “мыйзамсыз” кармоо жана 20-майдагы пикетти үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн сотко берүүнү каалашат.

Акциянын катышуучуларын 20-майда Бажы биримдигине каршы пикет учурунда кармашкан - ошол күнү аларды милицияга каршы баш ийбей койгондугу үчүн айыпташкан, Бишкектин Биринчи май райондук соту болсо, акциянын эки катышуучусуна эскертүү берген.

Активистер соттун өкүмүн жогору инстанциядагы Бишкек шаардык сотуна даттанышып, 24-июнда акталды.

Акциянын катышуучулары Алмаз Алжанбаев жана Толгонай Конушбаеванын айтымында, актоо өкүмү мамлекеттик айыптоочусуз чыгарылган.

“Жактоочу биздин үстүбүзгө арыз жазган сегиз кишини көрсөтүүнү сурады. Бирок айыптоочу жактан да, арызданган жактан да эч ким келбеди”, - деп айтып берди Конушбаева Kloop.kgга берген маегинде.

Акталган активистер аларды кармаган бишкектик милиция кызматкерлерин сотко берүү ниетинде.

“Биз Биринчи май РИИБинин үстүнөн арыз жазабыз, анткени бул биздин укугубузду бузууга кирет. Мен жөн эле тургам, колдорумду бурап, орой жана уят сөздөрдү айтышты. 20 сом болсо да, ар кандай компенсацияны [талап кылабыз]”, - деди Алжанбаев.

Бишкектин Ички иштер башкы башкармалыгын басма сөз катчысы Kloop.kgге берген маегинде, кызматчыларынын айыбын кабыл албаганын айтты.

“Бул алардын укугу. Бизден ким күнөөсүз болгондугун али тактайбыз жана мунун тескери жагын далилдейбиз, алар митинг учурунда коомдук тартипти бузган”, - деди басма сөз катчысы Олжобай Казыбаев.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүгө каршы болгондорду кармоо 20-майда экономикалык блокко кирүүнүн пайдалары жана коркунучтары жөнүндө парламенттик угуу кызуу жүрүп жаткан учурда болгон.

Алардын акциясы кармоолор башталганга чейин жарым саат болгон - катышуучуларды “милицияга баш ийбегендикте” айыпташып, Биринчи май райондук сотуна өкүм чыгаруу үчүн алып барышкан.

Анда сот үч активистти - укук коргоочулар Бурул Макенбаеваны, Олеся Кимди жана Өндүрүш Токтонасыровду - актап, экөөсүн - Алмаз Алжанбевди жана Толгонай Конушбаеваны - тартип бузгандыкта күнөөлөп, эскертүү чыгарган.