Сот “Ротафарм” компаниясына моралдык зыян үчүн кун төлбөйт [+видео]

Биринчи май райондук соту “Ротафарм” фармацевтикалык компаниясына моралдык зыян үчүн кун төлөп берүүдөн баш тартты. Бирок укук коргоочу Бурул Макенбаеваны “Репретин” дарысынын таасирсиз экендиги тууралуу ЖМКга айткан сөзүн жокко чыгарууга милдеттендирди.

“Ротофарм” компаниясынын укук коргоочусу Бурул Макенбаевага, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын профессору Рысбек Калиевге жана “Голос свободы” укуктук программасынын координатору Асель Койлубаевага каршы доосун судья Аида Тилеева жарым-жартылай канаатандырды.

“Репретин” препаратынын теги жана сапаты “күмөндүү”, ошонодой эле клиникалык сыноолордон өткөн эмес, деп айткандыктары үчүн фармкомпаниянын өкүлдөрү алардан бир миллион сом моралдык компенсация талап кылышты.

Макенбаева саламаттыкты сактоо маселелеринде соттун чечими калктын коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эсептейт.
“Судья Тилекеева өзүнүн чечими менен иш жүзүндө дарыгерлерди оорулуулардын укугун коргоо тууралуу сүйлөө эркиндигинен ажыратып койду. Анын моралдык зыянды төлөп берүүдөн баш тартуусу - бул коркунучту азайтпайт”, - деди укук коргоочу.

Анын айтымында, бул жараяндын катышуучулары Биринчи май райондук сотунун чечимин бардык улуттук инстанцияларда жана БУУнун адам укуктары боюнча комитетинде даттанышмакчы.

Анын айтымы боюнча, процесстин катышуучулары Биринчи май сотунун чечимин ар мүмкүн болгон улуттук инстанцияларга жана адам укуку боюнча БУУнун комитетине датанууга камданышып жатышат.

Адвокат Нурбек Токтакунов белгилегендей, айтылган сөздөр компанияга моралдык залал келтире албайт, анткени ал юридикалык жак жана “азап тарта албайт”.

“Медициналык препараттардын таасирдүүлүгү дайыма дүйнөдө илимий талкуулардын темасы болгон, жана дүйнөдө биринчи жолу фармацевттик компания өз пикирин айткан докторду сотко берген”, - дейт Токтакунов.

“Репретин” - бул гормоналдык препарат, Кыргызстанда диализ курсунан өтүп жаткан орулуулар колдонушат.

Дары чыр-чатагы

Фармацевтикалык «Ротафарм» компаниясы дары-дармек чатагына 2013-жылдын февралында дуушар болгон – анда алгач көз карандысыз изилдөөчүлөр, андан кийин бир катар саясатчылар менен башка фармкомпаниялардын изилдөөлөрү тарабынан Кыргызстанда сатылып жаткан «Репретин» дарысы адамдардын ден соолуктарына зыян келтире тургандыгы аныкталган.

Мындан улам изилдөө жүргүзгөн британдык «Гардиан» басылмасы «Репретин» дарысын колдонууга өткөн бейтаптар өздөрүн начар сезип, анын кошумча эффектилеринен жабыркап баштагандыктарын аныктап чыккан.

Андан сырткары «Ротафарм» компаниясы өзүн тааныштырып жаткандай британдык эмес, Британ-Виргинск аралдарындагы оффшор аймагында катоодон өткөн жана ар кайсы өлкөлөрдөн дары-дармектерди жеткирип турган компания экендиги маалым болгон.

2013-жылдын мартында компанияга каршы чыгып жатышкан укук коргоочулар «Ротафарм» тарабынан аңдуулар жана коркутуп-үркүтүүлөр болуп жаткандыгы жөнүндө билдиришкен.

Өз кезегинде компания алардын дары-дармектерин зыяндуу деп атаган дарыгерлерди сотко берген.

«Ротафарм» чатак башталгандан бери эле дарегине айтылган айыптоолордун бардыгы тең алардын атаандаштары тарабынан жасалып жаткандыгын билдирип келген.

Аны менен катар үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Бишкек шаары менен Чүй облусунун дарыгерлери бейтаптарга дарыларын жазып бергендиктери үчүн фармацевтикалык компаниялардан акча жана түрдүү белектерди алып келгендиктери ачыкка чыккан.