“Түндүк электр”: Газдын өчүрүлүшү Бишкекте электроэнергиясын пайдаланууда көйгөй жаратпайт

Бишкектин борбордук бөлүгүндө газдын бир айга өчүрүлүшү бул аймакта электроэнергиясын пайдаланууда көйгөй жаратпайт, деп кабарлайт “Түндүк электрдин” басма сөз кызматы. Бирок ошону менен бирге авариялык абалдардын жүз бериши мүмкүндүгүн четке какпайт.

“Түндүк электр” энергокомпаниясы бишкектиктер 1-июлдан 1-августка чейин газдын өчүрүлүшүнөн улам үйлөрүндө электрэнергиясын колдонууда көйгөйгө чалдыкпайт, деп сөз берет.

Газ жок учурунда электрэнергиясын пайдалануунун өсүшү конфорка, электрчайнектери, микротолкундуу мештер сыяктуу электр жабдыктарын көп колдонуудан келип чыгышы мүмкүн.

А компаниядагылар электрэнергиясын колдонуу “бир аз” өсөт жана массалык өчүрүүлөргө алып келбейт, деп ишендиришет.
“Газ жок кезинде жылытуу максатында электрэнергиясын пайдаланууну күз жана кыш мезгилиндеги колдонуулар менен салыштырууга болбойт”, - деп айтышты энергокомпаниядан.

“Түндүк электр” ошону менен бирге электрэнергиясынын жеке үйлөрдө өчүп калуу мүмкүндүгү бар экендигин айтат.
“Кайсы бир үйдүн ичинде басым күчөшү мүмкүн, мисалы көп кабаттуу үйлөрдө. Ошондуктан бул жергиликтүү аварияга алып барышы мүмкүн”, - деп божомолдошту басма сөз кызматында.

Бишкектин борбордук бөлүгү 1-июлдан 1-августка чейин бир ай газсыз калат - газ өчүрүлгөн аймак Лев Толстой, Бейшеналиева, Гоголь көчөлөрү жана Жибек Жолу проспекти менен чектелет.

“Кыргызгаздын” басма сөз катчысы Рыспек Аруновдун айтымында, газдын өчүрүлүшү профилактикалык иш-чаралар менен күзгү жана кышкы мезгилдерге даярдык көрүү менен байланыштуу.