КЭУЭАБ: “Чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам Кыргызстанды авторитардыкка жакындатат

“Чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Кыргызстандагы демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизет - мындай позиция Коммерциялык эмес укук боюнча эл аралык борбордун (КЭУЭАБ) талдоосунда айтылат.

Парламент мүчөсу Турсунбай Бакир уулу демилгелеген “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам долбоору коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) тарабынан терс пикирлерге кабылган. Алар КЭУЭАБдан бул документти талдап берүүсүн суранышкан.

КЭУЭАБ өзүнүн талдоосунда жазгандай, эгерде мыйзам долбоору кабыл алынып калса, анда юстиция министрлиги КЭУларды соттун чечимисиз жабуу укугун алып, уюмдардын ишмердүүлүгүн жана ички документтерин текшере алат.

“Мыйзам долбоору юстиция министрлигинин энчисине бир далай жаңы ыйгарым укуктарды өткөрүп берет. Ал укуктар эч кандай административдик тартип менен чектелбейт”, - деп айтылат эл аралык борбордун баяндамасында.

Мыйзам долбооруна ылайык, “чет элдик агенттер” деп чет өлкөдөн каржыланган жана “саясий ишмердүүлүк” жүргүзгөн КЭУлар эсептелинет.

Талдоочулардын пикиринде, “чет элдик агент” статусун Кыргызстандагы “дээрлик бардык” КЭУлар алышы мүмкүн - алардын маалыматына ылайык, жергиликтүү булактардан каржылоо шарттары түзүлбөгөндүктөн, азыр “дээрлик бардык” КЭУлар каражаттарын чет мамлекеттик булактардан алат.

КЭУЭАБнын серепчилеринин белгилешинче, “саясий ишмердүүлүк” түшүнүгү аябай кеңири мааниде жана ар кандай чечмелениши мүмкүн.

Талдоодо айтылышынча, КЭУнун алгачкы уставында жазылбаган ишмердүүлүк анын жабылышына негиз болушу мүмкүн.

Мисалы, уюм башында өзүнүн уставында билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү көрсөтүп, кийин балдар үйүнө жардам берүүнү чечкен болсо - мындай учурда юстиция министри КЭУну жабышы мүмкүн, анткени мындай ишмердүүлүк анын уставында жазылаган эмес.

КЭУЭАБ Кыргызстандын бийлигин, бул мыйзамды кабыл алуу уюмдардын БУУнун адам укуктары боюнча комитетине кайрыла башташаарына алып барат деп эскертет.

“Чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам долбоору 2013-жылдын сентябрь айында депутаттар тарабынан сунушталган. Азырынча документ бир окуудан гана өткөн - анын толугу менен кабыл алынышы үчүн үч окуудан өтүп, президенттин кол коюшу керек.

Мыйзам долбоорун талкуулоо

КЭУ тууралуу мыйзам долбоорун демилгелегендер депутаттар Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев болуп саналат.

Алардын негизги пикирине ылайык, “чет өлкөдөн каржы” алган коммерциялык эмес уюмдарга чет элдик агент статусу тагылат – ушуга окшогон мыйзам Орусияда да кабыл алынып, депутаттарды Москвадагы кесиптештеринин пикирин көчүрүп алгандыкта сындашкан эле.

Бакир уулу мурда Kloop.kgге берген маегинде, бул мыйзам долбоорунун максаты КЭУлардын ишмердүүлүгүнүн коомго ачыктыгын камсыздоо деп айткан.

Жарандык коомдун өкүлдөрү депутаттардын демилгесине каршы чыгышкан, бирок депутаттар менен мыйзам долбоорунун каршылаштарынын ортосунда жөндүү диалог болгон эмес.

КЭУларга “чет элдик агент” статусун берүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Нуркамил Мадалиев коомдук угуулардын биринде өзүнүн документин аягына чейин угууда катышпай, иш-чаранын ортосунда чыгып кеткен.

Мен расмий тараптардын - БУУнун, ОБСЕ, Венеция комиссиясынын өкүлдөрүнүн сөз сүйлөөсүндө катышып - алардын пикирлерин уктум, калгандары мага түшүнүктүү эле. Мен диалог болбошун түшүндүм”, - деди ал.

Ал ортодо жарандык сектор жана саясат таануучулар бул пикирди катуу сынга алышкан. Иш жүзүндө мыйзамдагы өзгөрүүлөр мамлекетке жараксыз КЭУлардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүндүк берет, деп белгилешкен алар.

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоочу борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова бул пикирди “мыйзамга каршы” деп атаган.

Kloop.kgге берген маегинде, көбүнчө АКШдан жана Европа мамлекеттеринен грант алган КЭУлардан айырмаланып, Бакир уулу өзү Кыргызстанга чет өлкөлүк каражаттарды Сауд Аравиясынан тартып келүүгө байланышкан, деп белгилеген Исмаилова.
“Бакир уулу андан көрө өзүнүн Сауд Аравиясынан алган каражаттарын сарптасын”, - деген ал Kloop.kgге берген маегинде.

Орусиядан айырмаланып чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам долбоору бийлик өкүлдөрүнөн толук колдоо көргөн эмес, анын ичинде президент Алмазбек Атамбаев да бар.

Мыйзам долбоору парламентте талкууга алынып чыгылгандан кийин дароо эле Атамбаев чет өлкөдөн каражат алгандыгы үчүн “чет элдик агент” статусун берген мыйзамдын Кыргызстанга керек эместигин белгилеген. Эки эл өкүлү сунуштаган пикир, президенттин ою боюнча, парламенттин колдоосун албайт.

Редактор: Улукбек Акишев