Кыргызстандын түштүгү каржылоонун жетишсиздигинен кышта жылуулуксуз калышы мүмкүн

Кыргызстандын түштүгүн электр менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бюджетте азырынча каражат жок, деп билдирди финансы министри Ольга Лаврова парламенттик сессияда.

Кыргызстандын түштүгүн электр жана жылуулук менен камсыздоо парламенттеги талкууга алынган темалардын бири болду - финансы министри Ольга Лаврова парламенттик сессияда билдиргендей, керектелүүчү 261 млн сом азырынча жок.

“Түштүктү суюлтулган газга өткөрүү үчүн акча табылды. Бул маселе иш жүзүндө чечилген. Орусия 5 млн сом грант берет. А бирок күзгү жана кышкы мезгилдер үчүн болсо, азырынча акча табыла элек”, - деп мойнуна алды министр парламенттик отурумда.

Кээ бир парламентарийлер, газ жана жарык менен бир гана түшүк эмес, түнүк да камсыз болушу керек деп айтышты.

“Албетте, биз элдин абалын түшүнүүбүз керек. Мен колдоого макулмун. Бирок Таласта жана Нарында ар дайым газ болгон эмес, а Ошто болсо болгону эки жарым ай жок”, - деди депутат Дамира Ниязалиева.

Бирок “Ата-Журт” фракциясынын лидеари Жылдызкан Жолдошева бийлик тезинен түштүктү күз-кыш мезгилдеринде жылуулук менен камсыздоо үчүн каражат издөөсүн айтты.

“Эл ачарчылыкка чыдашы мүмкүн, бирок суукка чыдабайт. Газдан башка түштүктө эч нерсе болгон эмес. Эч ким тоңубашы үчүн, жаш балдар тоңубашы үчүн, биз муну жасашыбыз керек. Биз жылуулук тууралуу айтып жатабыз. А эгерде газ да, жылуулук да болбосочу? Алар анда газсыз электр энергиясына жүктөлүп алышабы?” - деп ачууланды парламентарий.

Анын кесиптеши Мыктыбек Абдылдаев “акыйкат үчүн” президенттик резиденцияда жарыкты, газды жана сууну өчүрүүнү сунуштады.

“Келгиле резиденцияда баарын өчүрүп салалы, анан бийлик жүгүрүп иштей баштайт. Бул жерде финансы министри акча жок деп айтып жатат. Өкмөткө айтып койгула, резиденцияда жарык менен газды өчүрүп салышсын”, - деп шылдыңдады Абдылдаев.

Кыргызстандын түштүгүнө өзбек мамлекеттик компаниясы «УзТрансГаз» тарабынан газдын берилиши эки ай мурда токтогон - Өзбекстан муну мурдагы келишимдин мөөнөтү аяктаганы менен түшүндүргөн.

10 апрелде “Кыргызгаз”дын ээси болуп калган Орусиялык газ гиганты “Газпром” өлкөнүн түштүгүн газ менен камсыздоо маселесин чечинүү убада берген, бирок иш жүзүндө кадам азырынча таштала элек.