Айылдагы мектептин курулушу Атамбаевдин сапарынан кийин жанданды

Финансы министрлиги президент Алмазбек Атамбаев Беловодск айылындагы мектепти көрүп келгенден кийин анын курулушуна каражат издеп жатат. Атамбаев мектептин шартына нааразылыгын билдирген - авариялык абалына карабастан мектепте окуучулар билим алууда.

Беловодск айылындагы Биринчи май орто мектебинин жаңы имаратын курууга президент Алмазбек Атамбаевдин сапарынан кийин гана киришишти - өлкө башчысы финансы министрлигине өлкө казынасынан бул керектөөгө акча табуу тапшырмасын берди.

Айылдагы бул мектептин курулушу СССР жоюлгандан кийин каражат жетишпегендиктен улам 90-жылдарда токтотулган.

Мектептин имараты акыркы эки жылдан бери авариялык абалда турат, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) өкүлдөрүнүн айтымында, мектепте сабактар өткөрүлүүгө тийиш эмес.

IMG_1569-1024x681

Бирок мындай тыюуларга карабастан, мектеп 500дөн ашуун жогорку класстардын окуучуларына 2013 жана 2014-жылдары билим берген.

Өкмөттөн, билим берүү министрлигинен жана парламенттен чиновниктердин бир нече жолку сапарына карабастан мектеп авариялык абалда кала берген жана капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес.

Биринчи май орто мектебинин директору Дамира Кадыршаева Kloop.kgге берген маегинде билдиргендей, азыр бийлик Чүй облусунун Москва району боюнча эң инновациялык жактан жабдылган заманбап имарат куруп берүүгө сөз берген.

30-жылдардан бери оңдоп-түзөөсүз

Анын айтымында, азыркы имарат курулгандан бери оңдоло элек.

“Бардык устундар жана чатырындагы калкалар мектеп салынгандан, 30-жылдардан, бери алмаштырылган эмес. Материалдар эскирип, сапаты кеткен. Ошондуктан чатырдагы калкалардын ийилип калгандыгы баарын чын эле тынчсыздантчу”, - деди Кадыршаева.

IMG_1570-1024x681

Ал кошумчалагандай, ӨКМнин кызматкерлери мектептин чатыры жердин силкинишинен эле эмес, нөшөрлөп жааган жаандан, же калың кардан да урап калышы мүмкүн экендигин ага эскертишкен.

“2012-жылы спорт залдын чатыры урап түшкөн. Бул учур окуу убакты эмес болучу. Имаратта спорт залдан качып чыгууга үлгүргөн бир жумушчу болгон”, - деди мектеп директору.

Жергиликтүү ӨКМ бөлүмүнүн өкүлү Kloop.kgге билдиргендей, Беловодск айылындагы мектепти жабуу маселеси көптөн бери талкууланып келген.

Анын айтымында, Зилзалага чыдамдуу курулуш боюнча институту 2012-жылы мектепте билим берүү андагы бардык адамдарга коркунуч жаратат, деп токтом чыгарган.

IMG_1579-1024x681

“Мектеп имараты курулуш нормаларына жана эрежелерине төп келбейт. Саман имараттары мектепке ылайыкташтырылган эмес”, - деп кабарлады ӨКМнин өкүлү.

Элеттеги мектептердин аянычтуу абалдары - азыркы Кыргызстандын маселелеринен бири. Жаз мезгилинин аягында билим берүү министри Канат Сыдыков 135 мектеп авариялык абалда экендигин билдирген.

Каражаттын тартыштыгынан алардын ичинен 47си гана жаңыланат делген.