Бишкектин аялдамалары шаардын картасы менен жабдылат

Бишкектин 100дөй аялдамасы маршруттук таксилердин жолдору түшүрүлгөн карталар менен жабдылат. Демилге “Жоопкерчиликтүү керектөө коруна” таандык.

“Жоопкерчиликтүү керектөө кору” коммерциялык эмес уюмунун башчысы Айдан Касымалиева Kloop.kgге берген маегинде билдиргендей, активисттер Бишкектин аялдамаларына карта жайгаштыруу боюнча жумуштун 80 пайызын жасашкан.

“Шаардын эң көп эл өткөн көчөлөрү камтылды. Белинский, Абдрахманов, Москва жана кичи райондордо карталар болмокчу. Алар аялдаманын арткы бөлүгүндө болот, анткени алдыңкы жактары жарнактар үчүн пайдаланылган”, - деди Касымалиева.

Ал кошумчалагандай, кийинчерээк бул карталарда маршруттук таксилердин гана эмес, автобус жана троллейбустардын да жол картасы жана аялдамалардын жайгашуусу түшүрүлөт.

20140703_151040

“Google картасындагыдай белгилерди коймокчубуз - сиздин кайда жайгашкандыгыңызды көрсөтүп, багытыңызды оңой таап алууга мүмкүнчүлүк болот. Андан сырткары борбордун музейлерин, мамлекеттик мекемелерин, ооруканаларын жайгаштырабыз”, - деп айтып берди “Жоопкерчиликтүү керектөө корунун” башчысы Айдан Касымалиева.

Бишкек мэриясынын басма сөз борборунун кызматкери Нурай Марс Kloop.kgге берген маегинде, муниципалитет активисттерди колдогондугун билдирди. Бирок ошону менен бирге эле мэрия өзүнүн картасын иштеп чыгаарын кошумчалады.

“Биздин жасагыбыз келген нерсебиз аягына чыга элек. Азыр биздин картабыз талкуу баскычында турат”, - деди ал.