Чүй облусу: Милиция башына баштык кийгизилген адамдын жансыз денесин тапты

Кыйнап өлтүрүү белгилери менен табылган адамдын денеси 28-июнда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Панфилов айылына жакын жердеги көлмөдөн табылган.

10462573_677849508975306_6676858791058983296_n

Өлтүрүлгөн адамдын болжолдуу жаш курагы - 30-35 жаш - деп кабарлады Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынан.

“Алдын ала экспертиза көрсөткөндөй, анын өлүмү буулуп, ур-соккуга алынгандан кийин болгон”, - деп кабарлады Чүй облустук ИИБнин басма сөз борборунан.

Жансыз дененин өздүгү азырынча аныктала элек, бирок кылмыштын бетин ачуу боюнча ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.

10514687_677849538975303_6708522794263139955_n

Анын оң колунда балтанын сүрөтү түшүрүлгөн, ал эми сол колунда парус жана үч жылдыздын татуировкасы бар.

Дененин канча убакыт көлмөдө жаткандыгы тууралуу так маалымат жок - милициянын божомолдоруна ылайык, ал беш күндөн тарта бир айга чейин көлмөдө жаткан болушу мүмкүн.

Тергөөчүлөр “өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.