“Коррупция менен күрөшүүчү” опузалап пара алуу үчүн кармалды

“Коррупцияга каршы элдик көзөмөл” бирикмесинин башчысы Жапар Пазылов опузалап пара алгандыгы үчүн Жалал-Абад милициясы тарабынан кармалды.

Пазылов дарыгерлердин беделин түшүрүүчү материалдар менен аларды коркутууга шектелген, деп кабарлады ИИМдин басма сөз кызматынын Kloop.kgге.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин билдиришинче, шектелип жаткан киши 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Опузалап пара алуу факты боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМдин өкүлү кошумчалагандай, Пазылов алдамчылык менен биринчи жолу жоопко тартылып жаткан жок.

“[...] Жалал-Абад облусунун аймагындагы бюджеттик жана жеке уюмдардын финансылык-чарбалык ишмердигин мыйзамсыз текшерүүгө алгандыгы жана муниципалдык ишканадан мыйзамсыз акча каражатын алгандыгы үчүн мурда да кылмыш иши козголгон”, - деди басма сөз кызматынан.

Учурда шектүү майыптыгына байланыштуу эч жакка чыкпоо шарты менен үйүнө коё берилген.

Kloop.kgнин кабарчыларына Пазылов менен байланышууга мүмкүн болгон жок.