Мектеп юбкаларынын узундугу муфтияттын каршылыгына карабастан өзгөрбөйт

Бир канча күн мурда көрсөтүлгөн жаңы мектеп формасынын юбкаларынын узундугун билим берүү министрлиги өзгөртпөйт. Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) кийимдердин узундугу туурасында нааразылыгын билдирген.

Жаңы бирдиктүү мектеп формасы СМС-добуш берүү аркылуу тандалып алынып, 1-июлда Бишкекте көрсөтүлгөн.

IMG_04621

Көрсөтүүдөн кийин эле дароо КМДБ презентацияда юбканын башка түрү көрсөтүлгөнүн айтып чыкты. Алардын билдиришинче, репетицияда муфтияттын өкүлдөрүнө башкача юбка көрсөтүшкөн. Муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратовдун айтымында, расмий презентацияда көрсөтүлгөн мектеп юбкасы тизеден жогору турат.

“Юбканын узундугу тизеден бир аз түшүп туруусун сунуштаган элек. Биздин сунушубуз журналда жана алдын ала болгон көрсөтүүдөгү юбкалардын узундугунан бир аз төмөнүрөөк болушуна негизделген эле”, - деди Эратов Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, кыска мектеп юбкасы окуу жараянына тоскоол болушу мүмкүн.

“Эгер мектеп формасынын үлгүсүн жасап жатканда улуттук колориттен сөз болгон болсо, анда аялдардын улуттук кийимдеринде юбканын узундугу тизеден жогору чыккан эмес. Дагы себептердин бири - окуу жараяны. Биздин көз карашыбыз боюнча, узундугу тизеден ылдый болсо, бул окуу жараянына тоскоол болбойт”, - деди Эратов.

IMG_00741-720x400

Ал кошумчалагандай, билим берүү министрлиги КМДБны өздөрү мектеп формасын иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамына чакырган, ошондуктан муфтияттын өкүлдөрү юбканы узартууну сунушташкан.

Билим берүү министрлиги өз кезегинде мектеп юбкаларынын узундугун өзгөртпөшүн билдирди, анткени жаңы форма эбак “эл тарабынан тандалып алынган”.

“Мектеп формасындагы юбкалардын узундугу өзгөртүлбөйт. Биз мектеп формаларынын көп варианттарды сунуш кылганбыз, бирок ушул номер үчүнчү варианттагы форма алдыңкы орунга татып, эми мындан ары билим берүү министрлиги тарабынан тастыкталат”, - деди Kloop.kgге берген маегинде мекеменин басма сөз катчысы Амантур Акматов.

Жаңы бирдиктүү мектеп формасы 2015-2016-окуу жылынан тарта милдеттүү болот. Анын болжолдуу баасы 2000 сомду түзмөкчү.