Тажик анклавын айланып өткөн жолдун курулушу кайра улантылат


Кыргызстан 10-июлдан тарта тажик анклавы Ворухту айланып өткөн жолду салууну улантат - мындай чечим өкмөттүк делегациялардын Бишкектеги жолугушуусунда чыгарылган.

Жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстан айланма жолдун курулушун жана анын Исфара-Ворух жолуна туташтырылышын макулдашкан. Исфара-Ворух жолу тажик анклавын өлкөнүн негизги бөлүгү менен байланыштырат.

“Чек арага жакын жайгашкан унаа жолун пайдалануу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуу долбоорун иштеп чыгуу үчүн эксперттик кызматчы топтордун жолугушуусу 7-июлда Кайракум шаарында өтмөкчү”, - деп билдирди Kloop.kgге берген маегинде Гульнура Торалиева.

Делегацияда Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев жана Тажикстандын вице-премьер-министри Мурадали Алимардон катышкан.

Андан сырткары, тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы аймакта эки көпүрөнүн курулушу боюнча 31-мартта кабыл алынган өкмөттөр аралык макулдашууну талкуулашкан - эки өлкөнүн чечими боюнча жумуштун башталышы 10-июлга белгиленген.

“Чыр-чатакты алдын алуу максатында Маматалиев менен Алимардон аталган авто жолдун курулушунда коопсуздукту камсыздоо үчүн бардык шарттарды түзүү боюнча келишим түздү”, - деп белгиледи Торалиева.

Тараптар ошондой эле чек ара чатактарында катталган кылмыш ишин иликтөөнү тездетүүнү жана жабыр тарткандарга материалдык зыянын төлөп берүүнү макулдашкан.

Кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү 19-июнда Баткенде башталган, бирок тажик тараптын айрым маселелерди чечип алуу үчүн кошумча убакыт өтүнүчү менен токтотулган эле.

Бул жолдун салынышы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чырга биринчи жолу себеп болуп жаткан жок. Тажик бийлигинин пикиринде, жаңы салынып жаткан жолдун бир бөлүгү алардын өлкөсүнүн аймагынан өтөт. Кыргызстан болсо өзүнүн аймагына жол куруп жаткандыгын айтып келет.

Өлкөлөрдүн ортосундагы маселе өзүнүнүн чегине 11-январда жеткен. Анда жолдун курулушунун айланасындагы талаштан улам Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болуп, баары биригип жети киши жараат алган.

Чыр-чатактар негизинен эки өлкөнүн чек арасы кайдан өтүшү керектигинин айланасында болууда - Тажикстан 1920-жылдардагы картага таянса, Кыргызстан кийинчерээк чыгарылган картаны карманууда.

Өлкөлөр 1991-жылы эгемендикке жеткенден бери чек арасынын көпчүлүк бөлүгүн делимитациялай да, демаркациялай да элек.

Азыр Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрү чек аранын бирдиктүү вариантын иштеп чыгууга аракеттенүүдө, бирок сүйлөшүүлөр көрүнүктүү натыйжа алып келе элек.

Бул абал Кыргызстандын аймагында Тажикстандын жана Өзбекстандын анклавдарынын болушу менен тереңдөөдө.