Кыргыз тилинде алгачкы ирет медициналык түшүндүрмө сөздүгү жарык көрдү

Медицина жаатында алгачкы кыргызча эки томдук энциклопедиялык сөздүгү жарык көрдү. Бул туурасында маалымат жыйынында китептин автору Аттокур Жапанов билдирди.

Аттокур Жапанов Бишкектеги маалымат жыйынында медициналык орусча-кыргызча энциклопедиялык түшүндүрмө сөздүгүн тааныштырды.

Бул Жапановдун өздүк эмгеги. Медициналык энциклопедияда илимий терминдер кыргыз тилинде түшүндүрүлөт.

“18 жашка толгондо айылдын баласы [кыргыз тилден] башка тилди билбейт. Шаарга медик болом деп келет. Медицина факультететине өткөндөн кийин, башка тилди окубаса, сен келесоосуң, деп аны депрессияга салып жатпайбы. Өз тилинде даяр генийди чаап жатабыз, өз эне тилинде медициналык окуу жайды таптыңарбы? Жок”, - деп түшүндүрдү сөздүктү жазуу себебин түшүндүрүп жатып Кыргыз-орус славян университетинин профессору Аттокур Жапанов.

Анын айтымында, мындай китеп Кыргызстанда алгачкылардан болуп чыгарылууда. Энциклопедиялык сөздүктүн биринчи басылмасы былтыр жарык көргөн. Бул ирет китеп кошумча терминдер менен байытылып, басмадан оңдолуп чыккан.