Кытай Кыргызстандагы “Манас” эл аралык аба майданга инвестиция салууга даяр экенин билдирди.
Макаланын түп нускасы "Азаттык" үналгысынын сайтына чыккан. Автору: Элеонора Бейшенбек кызы.
Ушул аптанын башында аталган аэропорттун жетекчилиги кытайлык компаниялар менен инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча ниет меморандумга кол койду. Ага ылайык, “Манаста” ири соода борбор ачуу, Ошто жаңы аэропорт салуу, “Баткен” менен “Тамчы” аэропортторун оңдоо каралууда.
Буга чейин кыргыз коомчулугунда “Манастын” 51 пайыз акциясын Орусияга берүү меморандуму чоң талкуу жараткан болчу.
Кытайлык компаниялар “Манас” аба майданына 1 миллиард доллар инвестиция салууну убада кылууда. 1-июлда кол коюлган меморандумда “Манаста” ири соода борбор куруу, ошондой эле “Баткен” менен Ысык-Көлдөгү “Тамчы” аэропортторун оңдоо ниети билдирилген. Дагы бир меморандум “Ош” аэропорту тууралуу болду. Анда үч жылдын ичинде Ошто жаңы, заманбап, көп функциялуу аэропорт куруу жазылган. Долбоордун баасы 300 миллион доллар деп болжолдонуп жатат. “Манас” аба майдандын вице-президенти Илим Карыпбеков “Азаттыктагы” маегинде бир дагы инвестордон баш тартпай турушканын айтты:
- Бир гана Орусия, Түркия, же болбосо бир гана Кытай менен иштешебиз деген жокпуз. Аэропортту бирөөнө эле беребиз, ошол менен гана иштешебиз дегенден да алыспыз. Инвесторлорго да, бизге да пайда алып келе турган иш-аракеттерди көрүп жатабыз. “Манас” чоң аэропорт. Өзүнөн башка 11 чоң аэропорттон, дагы бир канча майда аэродромдордон турат. Ар бир аэропорт, ар бир аэродром боюнча да өзүнчө сөз кылып, ар кайсы тараптан инвестор тартып келгенге аракет кылып жатабыз. Ошондуктан бир эле эмес, бир канча инвестор менен иш алып барганга аракет кылабыз.
Илим Карыпбеков кол коюлган меморандумдар “Манаста” эл аралык хаб куруу аракети экенин белгиледи:
- Хаб - учактардын, транзиттик жүктөрдүн, жүргүнчүлөрдүн учуп өтүү агымынын борбору деп айтсак болот. Биз Борбор Азияда ошондой борбор түзгөнгө аракет кылып жатабыз. Хаб болуш үчүн жакшы, ыңгайлуу шарттар, арзан баадагы күйүүчү май, арзан жана сапаттуу тейлөө, сапаттуу учак тилкеси, терминалдар, товарлар, алып-сатуу борборлору болушу керек.
“Манас” боюнча Орусия менен түзүлгөн меморандумда аэропорттун 51 пайыз акциясын берүү каралган. Бул өз кезегинде кыргыз коомчулугунда чоң талкуу жараткан. Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү, депутат Нарынбек Молдобаев инвестициянын шарттары кылдат талданышы керектигин белгиледи:
- Орто Азиядагы мамлекеттердин аэропортунан биздин “Манас” көлөмү боюнча да, шарты боюнча да жогору эле турат. Ушундай даяр нерсени орустар болобу, же кытайларгабы толугу менен берип коюп, андан пайда көрөбүз дегенге мен каршымын. Келип аткан инвесторлор кандай шарт-талаптарды коюп жатканын биздин комитетке алып чыгышы керек.
Анткен менен “Манас” аэропорту боюнча кыргыз өкмөтүн сынга алгандар да бар. Эксперт Кайрат Итибаевдин баамында, маселен ачык сынак менен инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү толук колдонулган жок:
- Биринчиден, инвесторлорго эл аралык сынак жарыялашыбыз керек эле. Экинчиден, ал жерде профилдүү гана компаниялар катыша алат деген талап болушу керек. Инвесторлор канча акча сала алат, эмнени өнүктүрө алат деген жагдайлар жазуу түрүндө берилиши керек. Үчүнчү айлампага өткөн жеңүүчүлөр деталдуу бизнес-план бериши керек. Ал долбоор канча убакта ишке ашат, салган акчасы өзүн канча мөөнөттө актай турганы жазылышы шарт. Биздин аэропорттун жетекчилиги мисалы Түркиядагы аэропортторду башкаруу боюнча ири корпорация менен иш жүргүзүп, кызматташканын уккан эмесмин. Сингапурдун, Түштүк Кореянын чоң тажрыйбасы бар. Аларды деле тартып, хаб куруу боюнча Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү кандай деп кеңеш алып иштешсе болмок. Ушундай бизнес-пландарды түзүп алып туруп анан инвесторлорду издесек, өзүбүзгө эле жакшы жана жеңил болмок.
Итибаев жарандык авиация кадр саясатынан аксап жатат деген пикирде:
- Азыркы жетекчилик өкмөт башында турган адамдардын колдоосу менен келгендер. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ишин алып бара албай жатат. Эки жыл мурун кадрлар резерви түзүлдү эле. Ал ишке ашпай калды. Аба майдан болобу, аба компания болобу, же болбосо мамлекеттин мүлкү, акциясы бар башка мекеме-ишкана болобу атайын кесиптик тажрыйбасы бар кадрлар дайындалышы керек эле.
Жакында эле “Манастан” АКШнын жүк ташуучу Транзиттик борбору толугу менен чыгарылды. Анын ордуна кыргыз өкмөтү аэропорттун кирешесин толуктап, шартты оңдоо үчүн сырттан инвестиция тартып эл аралык хаб, башкача айтканда, транспорттук түйүн куруларын айткан.