Бишкек мэри: Жергиликтүү бийликтер өз алдынча иштөөнү каалабай жатат [+ видео]

Башкалаадагы бардык бийлик “аябай борборлошкон”, деди Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов. Анын айтымында, шаардын чиновниктери муниципалитеттин буйругусуз иштегиси келбей жатат.

Кулматов “Кабарлар” маалымат агентствосуна билдиргендей, Бишкек мэриясы акыркы жылдарда бир топ эле борборлошуп кеткен. Анткени жергиликтүү башкаруулар өз алдынча чечим чыгара албай калган.

“Төмөнкү структуралар чечим чыгара албай, мүмкүн чечим чыгаргысы келбей калган. Биздин төмөнкү структураларга берген активдүүлүгүбүз үзгүлтүккө учуратылууда. Алар иштегиси келбей калышкан. Бул бизде жаралган жагдай”, - деди шаардын мэри.

Ал кошумчалагандай, 2014-жылдын жай мезгилинин аягына чейин муниципалитет жергиликтүү бийликке көбүрөөк ыйгарым укуктарын берип, башкаруунун структурасын кайрадан түзүп чыгат.

“Төмөнкү структуралардын ыйгарым укуктары жана финансылык көз карандысыздыгы күчөтүлөт. Алар өздөрү социалдык маселелер, мисалы жыйнаштыруу, боюнча өздөрү буюртмачы болушат. Эгер алар “Тазалык” менен иштегиси келбесе, анда, мейли, башка компанияга буюртма бергиле”, - деди Кулматов.

Бишкектин Биринчи май районунун башчысы Аскербек Алиев Kloop.kgге берген маегинде мэрдин пикири менен макул экендигин айтты. Анын айтымында, акыркы жылдарда шаар бийлиги аябай борборлошуп кеткен. Ошондуктан жергиликтүү бийликтегилерге өз чечимдерин мэрия менен макулдашууга туура келген.

“Мисалы кандайдыр бир жөнөкөй маселелерди - түтүктөрдүн бузулушун, люктарды ачуу, таштанды - чечүү үчүн райондук администрацияда жана жергиликтүү башкарууда каражат жок болчу”, - деди Алиев.
Ал кошумчалагандай, анын райондук администрациясы финансылык көз карандысыздыкка даяр - Алиевдин айтымында, бул аларга маселелерди өз алдынча чечүүгө жардам берет.

“Азыр каражатты ким өзүнө өткөрүп алса, ал өзүнө өзү душман болгон учур. Азыр бардык эл коррупцияга каршы күрөш, кыймыл жүрүп жаткандыгын билет. Мындай шарттарда, кантип акча уурдоо мүмкүн экендигин элестете албайм”, - деди Биринчи май районунун башчысы.