Кыргызстан алтын кени боюнча 118 млн доллар доону даттанмакчы

Кутесай алтын кени боюнча эл аралык талаш кыргыз өкмөтүнүн 118 млн долларлык жеңилүүсү менен аяктады. Бийликтегилер бул өкүмдү даттанып, кен иштетүү үчүн лицензия алууга аракеттенип жаткан «Станс Энерджи» компаниясынын үстүнөн доосун улантмакчы.

Кыргыз өкмөтү Кутесай алтын кенин иштеткен «Станс Энерджи» компаниясына 118 млн АКШ долларын төлөп берүүгө макул эмес.

Бийликтегилер муну Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык сотко бир айдын ичинде даттануу ниетинде.

“Чечим азырынча күчүнө кире элек. Сот чечиминен кийин компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи баскычы болду. Азыр эки тарап тең эч кимге экономикалык жоготуу алып келбей турган мунаса жолдорун издеп жатат”, - деп билдирет вице-премьер Тыйрбек Сарпашевдин сөздөрүн «Вечерний Бишкек» интернет-басылмасы.

Кыргызстан менен чет өлкөлүк инвесторлордун ортосундагы жаңжал 2012-жылы өкмөт кен иштетүүчүлөрдү сотко бергенден кийин жаралган.

Компания кен иштеп чыгуу долбоорун өз убагында көрсөтпөгөндүгү үчүн доо арызы жазылган. Бирок ошого карабастан компанияга Кутесайда ишин жүргүзүүгө уруксат берилген.

Лицензия берилгенден кийин башкы прокуратура геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Учкунбек Ташбаевге каршы кылмыш ишин козгогон.

Ташбаев күнөөсүн мойнуна алган эмес жана ал сотто инвесторлор кен иштетүү долбоорун өз убагында бергенин билдирген.

«Станс Энерджи» жооп иретиндеги Кыргызстандын үстүнөн доосун Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык сотко даттанган - компания сот жараяны учурунда алтын кенин иштете албасын айтып арызданган.