Азыркы Кыргызстандын аймагынан табылган курмандыкка чалуу секиси, байыркы таш чегилмелер, колодон жасалган жебенин учтары жана турмуш-тиричилик буюмдары Санкт-Петербургдагы Эрмитаждын кенен залдарына коюлган.
Зарема Султанбекованын макаласы
Отуз даражалык ысыкка жана иш күнүнө карабастан жүздөгөн туристтер Кышкы сарайдын кире беришинде бир нече саат кезек күтүп турушат. Музейге кирген соң алар өздөрүн орус императорлорунун сүрөттөрүнүн, Пабло Пикассонун же Клод Моненин сүрөттөрүнүн фонунда тартып алууга ашыгышат. Далистерде топтолушуп алып, императордук үй-бүлөнүн тууганчылык байланыштарын катуу талкуулашат жана кызыктуудай убаракерчилик тартышат.
Жапон студенттеринин үндөрү азая баштаганда музейдин биринчи кабаты барып көрүүгө татырлык. Бул жерде байыркылык атмосферасы өкүм сүрөт. Аз өлчөмдө берилген жарык миң жылдык күмүшкө тийип турат. Айнектин алдында чыгыш мумиялары катытылган. А бурчтарда болсо шаңдуу таш чегилмелер турат.
Дал ушул жерде, биринчи кабатта келбес сапарга аттанган императордук үй-бүлөнүн жана Кыргызстандан Санкт-Петербургга алынып келинген экспонаттары коюлган.
Эрмитаждын Борбордук Азияга арналган 11 бөлмөдөн турган белгилүү Алтын жана Бриллиант чыгдандары менен коңшулаш жерде байыркы неолит жана эрте коло дооруна таандык буюмдар сакталат.
Борборук азия экспозицияларына Октябрь тепкичи түздөн-түз алып барат. Бул тепкич 1917-жылдагы октябрда көтөрүлүшчүлөр дал ошол жол менен сарайга кирип баргандыгы менен белгилүү.
Музейде Кыргызстан үчүн атайын бөлүнгөн зал жок, бирок өлкөнүн аймагынан табылган экспонаттар, мисалы сак маданияты бөлүмүнө киргизилген. Сактар - биздин заманга чейин 7-2-кылымдарда Жетисууда, Фергана жана Алай өрөөнүндө жана Памирде жашап өткөн иран уруулары.
Казан биздин заманга чейин 4-3-кылымдарга таандык. Ысык-Көлдөн табылып, Эрмитажга 1939-жылы өткөрүлүп берилген.
Ошол эле доорго таандык колодон жасалган жыт тараткыч Семенов капчыгайынан табылган. Экспонаттар музейге Фрунзе шаарындагы Педагогикалык институт тарабынан өткөрүлүп берилген.
Курмандык чалуу секиси 5-3-кылымдарга таандык. Ысык-Көл:
Кыргызстандан байыркы буюмдар Эрмитажга СССР жоюлгандан кийин да келип түшкөн. Бул илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн каңылтыр - биздин доорго чейин 4-3-кылымдарга таандык - аны музейге 2003-жылы экс-президент Аскар Акаев белекке берген.
Анын маңдайында айрым экспонаттар коллекцияга Орус империясы убагында киргизилген. Алардын ичинде Чүй өрөөнүнөн табылган таш балбалдар бар. Алар Бишкектеги Тарых музейинде турган балбалдарга аябай окшош.
Же болбосо 1896-жылы Талас өрөөнүндө табылган 8-кылымга таандык руникалык байыркы түрк жазуусу түшүрүлгөн таш. Андагы жазуу: “Өзүмдүн ээлигимди, өзүмдүн баатырдык ысымым Удунду түзүп, мен силерден бөлүнүп чыктым. Анын жубайы кайгы ичинде жесир калды. Анын инилери: Кара-Барс жана Огул-Барс. Өзүнүн жолдошторуна карата бөлүндү”.
Эрмитаж айрым экспонаттарды жеке ээлерден сатып алган. 7-8-кылымдарга таандык бул кармагычына оюу түшүрүлгөн күмүш чөйчөк Чүй өрөөнүнөн музейге дал ушул жол менен келип түшкөн.
Өзүнчө дагы бир орун 2-4-кылымдарга таандык Талас өрөөнүнөн табылган Кең кол дөбө мүрзөсүнө арналган. Мүрзө 30- жана 50-жылдары казылган.
Ал дөбөлөрдөн Орто Азиядагы эң байыркы жыгач ээр табылган. Алардын ичинен бешик, чопо идиш, курал, кытай жибегинен кийим, жасалгалар жана кашты сурмалоочу таш косметикасы да табылган.
Жана дагы бир нече Орто Азия бөлмөсүнөн, бирок Кыргызстанга тиешеси жок болгон экспонаттар - 7-8-кылымдарга таандык будда эстелиги - азыркы Тажикстандын аймагынан табылган.
Курмандыкка чалуу секиси, биздин заманга чейин 5-3-кылымдарга таандык, Алматынын чет-жакасынан табылган.
Жеңилдиксиз музейге кирүү болжолдуу 600 сомдой турат. Эрмитаждын катуу күзөтчүлөрү коноктордун экспонаттарды сүрөткө тартпоосун көзөмөлдөп турушат. Бирок кошумча 300 сомго сүрөткө тартуу уруксатын алууга болот.
Мамлекеттик Эрмитаж Орусиядагы эң ири жана дүйнөдөгү көркөм жана маданий-тарыхый музей болуп саналат. Коллекциянын башталышын император аял Екатерина II 18-кылымдын ортосунда негиздеген.
Азыр музей татаал комплекстүү. Анын негизги бөлүгү Санкт-Петербургдагы Нева дарыясын бойлой жайгашкан беш имараттан турат.
Коллекцияга байыркы доордон тартып күнүбүзгө чейинки үч миллиондон ашык экспонат кирет.