“Коркутуп акча алган” милиционер кызматтан алынды

Милициянын капитаны Жыргалбек Сарманов маршрутканын айдоочусунан опузалап акча алгандыгы үчүн кызматтан алынды. Бул окуя видеого тартылып алынган эле. Тартип коргоочу басма сөз жыйынында видеонун жасалма экендигин билдирмекчи болуп, бирок жолугушууга келген эмес.

Ысык-Көл облусунун милиция штабы Сармановго карата кызматтык териштирүү жүргүзүүдө - ал маршрутканын айдоочусунан 10 миң сом талап кылган делип шектелүүдө.

Пара талап кылуу микроавтобустун жүргүнчүлөрүнүн бири тарабынан видеого тартылып алынган жана кыргыз интернет колдонуучуларынын арасында коомдук талкуу жараткан.

Териштирүү учурунда милициянын капитаны кызматтан алынды.

Сарманов 9-июлда Бишкектеги басма сөз жыйынына катышышы керек эле - жолугушуунун программасына ылайык, инспектор тартылып алынган видео микроавтобустун айдоочусу тарабынан жасалгандыгын билдирмек.

Бирок милиционер басма сөз жыйынына келген эмес жана келбей калган себебин да азырынча түшүндүрө элек - учурда анын телефону өчүрүлгөн жана ал комментарий алуу үчүн жеткиликсиз бойдон калууда.

Укук коргоо органдарынын координациялык эксперттик кеңешмесинин башчысы Кайрат Осмоналиев бүгүн билдиргендей, Сармановго карата кылмыш иши козголгон. Бирок бул маалыматты азырынча ИИМдин жана Ысык-Көл облусунун басма сөз кызматтары тастыктай элек.

Осмоналиевдин айтымында, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бирок аталган мекеме комментарий үчүн жеткиликсиз бойдон калууда.

Чыр чатактуу видео

Милиционер маршрутканын айдоочусунан опузалап 10 миң сом алып жаткан видеосу тармакта 7-июль күнү пайда болгон. Ал дароо эле интернет-колдонуучулар тарабынан талкуу жаратып, алар инспекторду кызматтан алууну талап кылышкан.

Видеодо Сарманов айдоочудан кантип 10 миң сом талап кылып жаткандыгы, бирок жыйынтыгында белгиленген сумманын жарымын алып, айдоочуну сот менен коркутуп жаткандыгы тартылып алынган.

Сарманов маршрутканын айдоочусун токтотуп, милиция кызматкерине баш ийбегендикте жана мас абалда унаа айдагандыкта айыптаган - ушул жерде ИИМдин алдындагы Жол-кайгуул кызматы (ЖКК) инспектор менен бирдей пикирди карманып, микроавтобустун айдоочусу мас болгон деп билдирет.

“Айдоочу алкоголдук ичимдиктен улам мас абалда болгон. Сот ошол материалды карап чыгып, аны 1500 сом айыппулга жыкты”, - деди Kloop.kgге берген маегинде ЖККнын жетекчисинин орун басары Темиркан Керимбаев.

Микроавтобустун студент-жүргүнчүлөрү айдоочунун мас эмес болгондугун айтышат. Алар 7-июлда Бишкектеги Жол кайгуул кызматынын имаратынын алдында чогулуп, милиция аларды негизсиз токтоткондугун билдирип чыгышкан.