Кыргызстан Тажикстан менен чек арага жакын жолдор боюнча келишпестикти четке кагууда

Тажикстандын өкүлү, Согду облусунун чиновниги, чек арага жакын жолдордун салынышын көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөр туюкка кабылды, деп билдирди. Кыргызстан тажик бийлиги менен келишпестикти четке кагууда.

Тажикстандын Согду облусунун башчысынын орун басары Жумобой Сангинов Хужантта 9-июль күнү басма сөз жыйынын өткөргөн. Анда ал Кыргызстан менен болгон сүйлөшүүлөр учурунда келишпестик болгондугун билдирди.

Чиновниктин айтымында, тажик бийлиги алардын аймагын Ворух анклавы менен бириктирген жолдун курулушун өз алдынча көзөмөлдөгүсү келет. Кыргызстан болсо биргелешип аткарууну каалайт.

“Эгерде бул жолду көзөмөлдөгүңөр келип жатса, анда жаңы долбоорду куруунун кажети жок, деп билдиргенбиз. Биз, эгерде мындай боло турган болсо, болгонун болгондой эле калтырып, эки тарап буга чейинки түшкөн жолду пайдалана берсин деп айттык”, - деп билдирди Сангинов.

Тажик шаары Исфарадан Ворух анклавына келген жол, Кыргызстандын версиясы боюнча ага таандык делген, талаштуу аймактан өтөт.

Кыргыз бийлиги тажик кесиптештери менен кандайдыр бир келишпестик болгондугун четке кагууда - чек ара маселелери боюнча вице-премьер Абдрахман Маматалиев «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-редакциясына берген маегинде, учурда бардык маселелерди караган долбоор иштелип жаткандыгын билдирген.

“Чек арага жакын жайгашкан жолдорду пайдалануу боюнча өкмөттөр аралык долбоор иштелип чыгууда. Анда эки өлкөнүн жарандары, жүктөрү жана транспортторунун тоскоолдуксуз бир жерден экинчи бир орунга баруусу боюнча тоскоолдуктар жана чектөөлөр жоюлган жоболор жана нормалар каралмакчы”, - деди ал.

Чек ара маселелери боюнча эксперттик сүйлөшүүлөр 7-июлда тажик шаары Кайраккумда өткөн - андан мурда Бишкекте өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр жүргөн. Анда Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселелери боюнча жарым-жартылай бир пикирге келген.

Чек аранын тегерегиндеги чыр-чатактар

Бул жолдун салынышы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чырга биринчи жолу себеп болуп жаткан жок. Тажик бийлигинин пикиринде, жаңы салынып жаткан жолдун бир бөлүгү алардын өлкөсүнүн аймагынан өтөт. Кыргызстан болсо өзүнүн аймагына жол куруп жаткандыгын айтып келет.

Өлкөлөрдүн ортосундагы маселе өзүнүнүн чегине 11-январда жеткен. Анда жолдун курулушунун айланасындагы талаштан улам Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болуп, баары биригип жети киши жараат алган.

Кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү Баткенде 19-июнда башталган.

Чыр-чатактар негизинен эки өлкөнүн чек арасы кайдан өтүшү керектигинин айланасында болууда — Тажикстан 1920-жылдардагы картага таянса, Кыргызстан кийинчерээк чыгарылган картаны карманууда.

Өлкөлөр 1991-жылы эгемендикке жеткенден бери чек арасынын көпчүлүк бөлүгүн делимитациялай да, демаркациялай да элек.

Бул абал Кыргызстандын аймагында Тажикстандын жана Өзбекстандын анклавдарынын болушу менен тереңдөөдө.