Ватикандын Борбордук Азиядагы мурдагы элчиси педофилияга айыпталды

Рим католик чиркөөсүнүн Борбордук Азияда 2002-2008-жылдардагы дипломатиялык өкүлү Йозеф Весоловски педофилияда күнөөлүү деп табылды.

Мындай абал Ватикандын тарыхында алгачкы жолу катталууда. Чиркөө кызматкери балдардын үстүнөн сексуалдык зордуктоого айыпталып, чиркөө наамынан кол жууп жатат, деп кабарлайт Lenta.ru басылмасы.

Сот чечимин биринчи баскычта даттанууга мурдагы архиепископтун эки айы бар. Эгер ал даттанбаса, өкүм күчүн жоготпойт жана Веселовски Ватикандын сотунун алдында кылмышка тартылат.

Азыр поп сот жараяны учурунда башка жакка баруу укугунан ажыратылган.

Борбордук Азияда алты жылдык кызматынан кийин Веселовскиди Ватикан Доминикан республикасына элчи кылып дайындаган эле. Жаш балдардын үстүнөн сексуалдык зордуктоого 2013-жылы айыпталганга чейин ал аталган өлкөдө эмгектенген.

Lenta.ru кабарлагандай, мурдагы архиепископ жалпыга маалымдоо каражаттарында пайда болгон кабарлардан кийин кызматтан алынган. Анда Санто-Домингонун борборунда таанышкан жашы жете элек эркек балага ал секс үчүн акча төлөгөн делет.

Архиепископ жалпысынан католик чиркөөсүндө 40 жыл эмгектенген.

Весоловски 2002-2008-жылдары Ватикандын Борбордук Азиядагы дипломатиялык өкүлү болгон. Ватикандын элчилиги Казакстандын түштүгүндөгү Алматы шаарында жайгашкан, бирок аймактагы бардык мамлекеттер үчүн өкүлчүлүк болуп эсептелет.

Католик чиркөөсүнүн Ыйык тагы Кыргызстанда Бишкектин чет-жакасында жайгашкан.