Жалал-Абад: Автобус айдоочулары үч күндөн бери иш таштоодо

Жалал-Абад мэриясынын алдындагы муниципалдык автобазанын 30дай кызматкери жетекчиси Кочкорбай Алдозовдун кызматтан алынгандыгына байланыштуу үч күндөн бери ишке чыкпай жатышат.

Иш таштоо 7-июлдан бери уланууда - Алдазовдун кызматтан алынгандыгына нааразы болгон автобус айдоочулары өздөрүнүн башчысын кайра кызматка коюуну, маяналарын жогорулатууну жана аялдамадагы шарттарды жакшыртууну талап кылууда.

Акцияга автобазанын 29 кызматкери чыккан - 15 айдоочу жана 14 техникалык кызматкер. Жалпысынан автобазада ишкананын 30 айдоочусу менен тейленген 15 автобусу бар.

Алдозов атайын комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгында кызматынан алынган - жергиликтүү бийлик анын автобазасынын айдоочуларын жүргүнчүлөрдүн жол киресинен акча уурдаган деп шек санап жатат.

Жалал-Абаддын транспорт маселелери боюнча вице-мэри Турдалы Темирбаев Kloop.kgге берген маегинде, автобазанын мурдагы жетекчисине төмөнкү кызмат берилип, ал мэрияда иштөөсүн улантып жаткандыгын айтты.

Жергиликтүү бийлик иш таштоону Алдозов өзү уюштурууда деп шектенүүдө, Темирбаевдин айтымында, ал өзүнүн кызмат ордуна кайра келүүнү каалоодо.

“Анын уурулукка көз жумуп коюусу толук мүмкүн. Эгер айдоочу 1500дөн 3000 сомго чейин айлык алып жаткан болсо, ал иштөөгө макул болот беле? Муну жасай алат беле? Жок. Бул жерде коррупциялык схема болушу ыктымал - айдоочулар жетекчи жана механиктин каттосунан өтүп, акчаны болсо өздөрү алып жатат”, - деди Темирбаев.

Ал айдоочулар 10-июлдан тарта жумушка чыгаарына сөз берди.

Алдозов өзү комментарий үчүн жеткиликсиз бойдон калууда - азырынча анын прокуратурага негизсиз кызматтан алуу боюнча арыз менен кайрылгандыгы белгилүү.

Зыяндуу автобаза

Вице-мэрдин айтуусунда, жетекчиликтин алмаштырылышына автобазанын кирешеси жол кире тарифи эки сомго жогорулагандан кийин да өспөгөндүгү негиз болгон. Ошону менен ишкана зыяндуу болуп калган.

“Азыркы күндө автобазанын ишинде жылыш жана жыйынтыктар жок. Мунун баарын эске алып, мэр жетекчиликти алмаштырууну чечкен”, - деди Темирбаев.

Жалал-абаддык журналист Евгений Погребняк Kloop.kgге билдиргендей, автобазанын тегерегиндеги жаңжал үч айдан бери уланууда - жергиликтүү бийлик автобазанын киреше алып келбегендигине жана зыянга учурап жаткандыгына нааразы болууда.

“Алар иштеп тапкан акча чыгашаларын жаппай жатат, эгер жапса, анда кирешесиз болууда. Качан жол кире тарифи жогорулаганда, бийлик ишкананы киреше алып келет деп ойлогон, бирок андай болгон жок”, - деп түшүндүрдү ал.

Погребняктын айтымында, айдоочулардын нааразылыктары шаардагы коомдук транспорттун ишине көп деле таасир эте алган жок - анын айтуусунда, автобустарды көбүнчө шаардын чет-жакасынан борборго окууга келген окуучулар жана студенттер пайдаланчу.

“Маршрутка жана таксини пайдалана башташты. [...] Автобустарга окуучулар жана студенттер чыкчу, бирок азыр жай мезгили, ошондуктан жүргүнчүлөр аларды пайдаланбай деле жатат”, - деди ал.

Жалал-Абад бийлиги 2014-жылдын башында муниципалдык автобазанын ишмердигин текшерүүгө алган эле. Анда айдоочулардын жол киреден түшкөн акчанын бир бөлүгүн өздөрүнө алып алгандыгын таап чыгышкан.

Ошондо Алдозов бул маселени чечпесе кызматтан алынаарын айтышкан.