Чүй облусу июлдун аягында сугат суусуз калышы мүмкүн


Чүй облусундагы сугат суунун негизги булагы болгон Орто-Токой суу сактагычында суунун көлөмү 20-июлда белгиленген минималдык чекке жетет. Бул туурасында Суу чарба департаментинен билдиришти.

Департаменттин эксперттеринин айтымында, 2014-жыл Чүй облусунун дыйкандары үчүн эң кургак жана суусуз жылдардан болгон. Азыр жерлерди сугаруунун негизги булагы Орто-Токой суу сактагычы болууда.

Бирок суу сактагычтагы суунун көлөмү 20-июлга карата белгиленген минималдык чекке түшүп кетүүсү ыктымал. Чүй облусунда сугат суунун толугу менен түгөнүп калуусунун алдын алуу үчүн бийликтегилер аны пайдаланууга чектерди киргизген.

Суу чарба департаментинин жетекчиси Руслан Девяткулов Kloop.kgге билдиргендей, азыр бир гана жаан-чачынга үмүт кылууда. Анын божомолунда, жаан июлдун ортосунда Чүй облусунан өтүп, дарыя жана суу сактагычты толтурат.

“Биз кандай болсо да негизи июлдун онунан кийин болчу катуу жаан-чачындан үмүттөнүп жатабыз. Албетте, кооптонуулар бар, бирок бул божомол. Чоң-Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн жана Сокулук дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлсө, анда биз Орто-Токойду тосуп, ошол жерден суу ала беребиз”, - деди ал.

Чүй облусунда сугат суунун жетишсиздиги мөңгүлөрдүн аз эриши менен байланыштуу болууда, дешет суу чарба департаментинин эксперттери.

“Чүй өрөөнүндө мөңгүлөр түндөсү 25-27 [Цельсий боюнча] даражадан жогору болгондо ээрип жатат. Азыр болсо тоолордо түнү жаан жаап, 17-18 даража серүүн болууда. Ошондуктан ээрүү жараяны жүрбөй жатат”, - деди департамент жетекчисинин орун басары Тилек Исабеков.

Учурда сугат суунун жетишсиздиги Чүй облусундагы 42,5 миң гектар сугат жерине теңелет. Бул Бишкектен үч эсе чоң аянт дегендикти билдирет.

“Азыр биз сууну ар бир районго жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Райондордун ортосуна чектөөлөр киргизилген. Азыркы күндө Панфилов жана Жайыл райондорунда суу жетишсиздиги сезилүүдө”, - деди суу чарбасынын чиновниги.