Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атышуу: каза болгон жана жабырлангандар бар

Бүгүн, 10-июлда, Кыргызстан жана Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болду, деп жазат “Азаттык” үналгысы жергиликтүү тургунга шилтеме менен. Ок атышууда Тажикстандын бир аскери жабырланган болушу мүмкүн, деп кабарланууда.

Инцидент күндүзгү саат 12лер чамасында жүз берген. “Азаттык” үналгысынын Баткен облусундагы кабарчысы Жеңиш Айдаров Kloop.kgге берген маегинде, жергиликтүү тургундар болжолдуу күндүзгү саат 12лер чамасында атышууларды уккан, деп айтты.

“Атышуу, жергиликтүү жашоочулардын айтымында, калк жайгашкан аймактан алыс жердеги тоолуу жайда жүз берген. Тургундар муну угушкан, бирок күбөлөрдү азырынча кездештире элекпиз”, - деди Айдаров.

Анын айтымында, жергиликтүү укук коргоо органдары жыйналыш өткөрүүдө.

Чек ара кызматы өзүнүн пресс-релизинде ок атышуу болгондугун тастыктады - кыргыз бийлигинин версиясы боюнча, Тажикстандын жарандарынын “мыйзамга туура келбеген аракеттеринен” улам жаңжал келип чыккан.

“Тажикстандын болжолдуу 30 жараны суу түтүгүн Кыргызстандын аймагынан (Каравшин дарыясы) Ворух анклавындагы Бедак айылына өткөрүү аракетин көрүшкөн”, - деп жазат чек ара кызматы.

Тажикстан жарандарынын “мыйзамга сыйбаган аракеттерин” токтотуу үчүн кыргыз чек арачылары абага бир канча жолу ок аткан - бул жакын ортодо жүргөн тажик аскерлерин көкүткөн.

“Инцидент болгон жерден алыс эмес жүргөн Тажикстандын чек ара күзөтү кыргыз чек арачыларына ок ачкан. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда кыска убакытка ок атышуу болгон”, - деп жазат чек ара кызматы.

Бийликтин версиясы боюнча, ок атышуу учурунда жабырлангандар жок.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гульлмира Борубаева Kloop.kgге берген маегинде, өлкө бийлиги тажик кесиптештери менен шашылыш түрдө кеңешмеге жыйналып жаткандыгын айтты.

“Окуянын себептери боюнча жооптуу органдар жооп берет. Кандай болгон учурда да, бул инцидент боюнча териштирүү иштери жүргүзүлмөкчү”, - деди ал.

“Ворухтун тургундарына ок ачышкан”

Press.tj маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, ок атышуу учурунда Тажикстандын бир жараны набыт болуп, беши жаракат алган.

“Бейшемби күнү болжолдуу 10:30да кыргыз чек арачы Ворух эксклавынын тургундарына ок ачкан. Натыйжада бир жашоочу каза болуп, беши жаракат алган. Бул Ворухтагы Бедак жеринде жүз берген. Инцидентти текшерүү башталды”, - деп жазат Согду облусунун Исфара милиция штабынын нөөмөтчүсүнө шилтеме кылып.

“Азаттык” үналгысынын тажик кызматы күбөгө шилтеме жасап, жети адам жаракат алган жана бирөө каза тапкан деп жазат.

“Өз көзү менен өлгөн кишинин денесин көргөн Ворухтун жашоочусу Хусрав кабарлагандай, бул бүгүн болжолдуу күндүзгү 11лерде болгон. Каза болгон кишинин аты Сафовуддин, ал болжолдуу 35-40 жашта. Ал жөнөкөй жашоочу”, - деп жазат басылма.

Жергиликтүү тургундун ою боюнча, ок атышуу талаштуу аймакта жайгашкан Бедак жайынан улам келип чыккан болушу ыктымал.

Жаңжал Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрү мунасага келейин деп жаткан учурга туш келүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз бийлиги бүгүн, 10-июлда, тажик анклавын айланып өткөн жолдун салынышын кайра улантышы керек эле.