“Роснефть” кыргыз өкмөтүнөн “Манас” аба майданы боюнча жооп күтүүдө

Орус нефть-газ компаниясы “Роснефть” Кыргызстандын бийлигине инвестициялык сунушун жөнөтүп, учурда жооп күтүүдө. Буга чейин фирма аэропорттун акцияларынын көзөмөлдөгү пакетин сатып алууну каалаган, бирок оппозициянын каршылыгынан улам Кыргызстан өнөктөшүн өзгөрткөн эле.

“Роснефттин” басма сөз кызматы Kloop.kgге кат аркылуу кабарлагандай, бир топ убакыт мурун “Манас” аба майданынын өнүгүшүнүн варианттары тууралуу инвестициялык сунуш жөнөт.

“Тилекке каршы, учурда аталган сунушка кандайдыр бир жооп ала элекпиз. Бирок мурункудай эле Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун ар тараптуу өнүгүүсүн каалайбыз”, - деп жазылат басма сөз борборунун катында.

Кыргызстан Кытай жана Түркиядан инвесторлорду тартып жаткандыгы тууралуу компания комментарий берген эмес.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин билдирүүлөрүнүн бирине ылайык, кыргыз оппозициясы ушул жылдын апрелинде өткөргөн ири каршылыктан улам “Роснефть” аэропортту инвестициялоодон баш таткан.

Kloop.kgге премьер-министр Оторбаевдин басма сөз катчысы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин 7-июлда “Манастын” вице-президенти Илим Карыпбеков “Азаттык” үналгысына берген маегинде, аба майданын бир эле компаниянын колуна берилбесин айткан.

“”Манас” - ири аэропорт. Анда 11 кичи аба майданы жана бир нече аэродромдор бар. Биз алардын ар бирине инвесторлорду тартайын деп жатабыз. Ошондуктан бир канча инвестор менен иштөөгө аракет кылабыз”, - деп Карыпбековдун сөздөрүн цитата келтирет “Азаттык”.

Кыргызстан июлдун башында кытай компаниясы менен келишимге кол койгон. Ага ылайык фирма кыргыз аба майдандарына болжолдуу 1 миллиард доллар салат.

Акча каражаты “Манастагы” эл аралык соода терминалынын курулушуна, Ошто жаңы аэротүйүндүн салынышына жана ошондой эле Баткен жана Тамчы эл аралык аба майданынын реконструкциясына кетет.

Бир айдай мурда “Манастан” америкалык Транзиттик жүк ташуучу борбор чыгарылган эле. Өкмөт транзиттик борбор чыккандан кийин кирешедеги жоготууларды толуктоо үчүн аэропорттун базасында эл аралык хабды негиздеп, инвесторлорду тарта тургандыгын билдирген.

“Ростнефтке” нааразычылык

Кыргыз жана орус тарап 19-февралда “Манастын” 51 пайыздан аз эмес акциясын “Ростнефттин” сатып алуусу боюнча меморандумга кол койгон.

Акцияларды сатып алуу үчүн жана биргелешкен долбоорлорго “Роснефть” 1 миллиардга чейин АКШ долларын жөнөтмөкчү болгон.

Бирок “Манастын” акцияларынын көзөмөлдөгү пакетин сатуу пикири бириккен оппозициянын каршылыгына учураган, анын ичине кыргыз парламентинин депутаттары да кирген эле.

Апрелдеги ири митингде демонстранттар президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн жана стратегиялык объекттердин орусиялык мамлекеттик ишканаларга сатылышын макул тапкан “орусиячыл” саясатына каршы пикирлерди айтып чыгышкан.

“Манас” аба майданын “Роснефтке” сатууга каршы акция, кыргыз өкмөтүнүн имаратынын алдында укук коргоочулар апрелдин аягында чогулуп алып, “бейрасмий” сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлүшүнө нааразы болгонго чейин уланган.

“Келишимдерге кол коюу тартиби кандай өткөндүгүн качан билейин дегенимде, бул бейрасмий сүйлөшүүлөр болуп чыкты, ал тууралуу эч ким билген эмес. Парламент депутаттарынын да кабары болгон эмес”, - деп билдирген ошол кезде акциянын уюштуруучуларынын бири Гүлшайыр Абдирасулова.