Тажик чек арачылары миномёттон кыргыз чек ара бекетин аткылашты

Кыргызстандын чек ара кызматы тажик аскер кызматчылары менен кайра ок атышуу болгондугун кабарлады - кыргыз бийлигинин версиясы боюнча, Тажикстандын чек арачылары “Тамдык” бекетин миномёт жана гранатомёт менен аткылашкан.

Бул бир күндүн ичинде кыргыз-тажик чек арасында жүз берген экинчи жолку аткылашуу - Кыргызстандын чек ара кызматынын кабарлашынча, Тажикстандын аскерлери кыргыз бекети “Тамдыкка” миномёт жана гранатомёттон ок ачышкан.

“Бир күндүн ичинде бардык эл аралык укуктарды бузуп тажик чек арачылары кыргыз чек ара бекети “Тамдыкка” ок ачышкан. Алар тобу менен миномёт жана курал колдонушту. Учурда атышуу токтоду. Ок атышуу жерине тараптардын чек ара кызматынын өкүлдөрү жөнөп кетишкен”, - деп айтты Kloop.kgге Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гульмира Борубаева.

10-июль күнү эртең менен кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу чыккан. Анын жүрүшүндө, Тажикстандын версиясы боюнча, бир тажик жараны каза болуп, беши жаракат алган.

Кыргыз бийлигинин версиясы боюнча, жаңжал Тажикстандын жергиликтүү тургундары тарабынан көкүтүлгөн. Алар Каравшин дарыясынан Ворух анклавындагы Бедак айылына түтүк өткөрүүгө аракет кылышкан.

Тажикстан жарандарынын “мыйзамга сыйбаган аракеттерин” токтотуу үчүн кыргыз чек арачылары абага бир нече жолу ок аткан — бул жакын ортодо жүргөн тажик аскерлерин көкүткөн.

Тажик маалымат каражаттарынын версиясы боюнча, ок кыргыз чек арачылары тарабынан чыгарылган. Кыргызстандын бийлиги өзүнүн аскерлери тарабынан ок атылгандыгын четке кагууда.

“Кыргыз чек арачылары жөнөкөй жарандарга карата курал колдонбойт”, - деди Борубаева.

Кыргызстандын расмий версиясы боюнча, эртең мененки кагылышта эч ким жабыркаган эмес.

“Качан гана Тажикстан расмий түрдө бул маалыматты тастыктаганда, ошондо биз бул туурасында бир нерсе дей алабыз. Учурда биз тажик кесиптештерден эч кандай расмий билдирүү ала элекпиз”, - деди басма сөз катчы.

Жаңжал Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрү мунасага келейин деп жаткан учурга туш келүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз бийлиги бүгүн, 10-июлда, тажик анклавын айланып өткөн жолдун салынышын кайра улантышы керек эле.