Кыргыз-тажик чек арасында “чыңалган абал сакталып турат”

Кыргыз бийлиги кабарлагандай, 11-июлга карата Тажикстан менен болгон чек арада абал чыңалган бойдон турат. Мурдараак күндүзгү убакытта чек арага жакын аймакта эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда ок атышуу жүз берген.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, атышуу 10-июль күнү кечки саат 10до толугу менен токтогон - чек арачылардын ортосундагы жаңжалдын жүрүшүндө, Тажикстан бийлигинин версиясы боюнча, тажик тараптан бир жаран каза болуп, сегиз адам жаракат алган.

““Тамдык” чек ара бекетинде Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачыларынын жолугушуусу болду. Анын жүрүшүндө кыргыз тарап ок ачууну токтотууну жана абалды тынчтык жолу менен биргелешип жөнгө салуу боюнча чара колдонууну талап кылган”, - деп жазат мекеменин басма сөз катчысы.

Кабарлангандай, чек ара бекетин миномёт менен аткылоонун жүрүшүндө, Кыргызстандын версиясы боюнча, тажик аскерлери тарабынан 10-июлда уюштурулуп, бир кыргыз чек арачысы жабыркаган.

“Кыргыз тараптан чек ара кызматынын аскери контузия алган. Ал Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылган. Анын ден-соолугу канааттандыраарлык”, - деп кабарлайт басма сөз борбору.

“Азия-Плюс” тажик агенттигинин кабарлашынча, Ворух анклавынын жашоочулары кыргыз аскерлеринин иш-аракеттерине нааразы болуп, 11-июль күнү митингге жыйналган.

Бирок демонстранттар, басылманын маалыматы боюнча, кыргыз чек арачылары тарабынан аткылоого кабылган. Анын жүрүшүндө эки жергиликтүү тургун жаракат алган.

“Стихиялык митинг болгон жерге кыргыз чек арачылары келип, автомат куралынан башаламан ок атышкан. Натыйжада Ворухтун эки жашоочусу ар кайсы даражада жаракат алган”, - деп билдирет Исфара администрациясынын сөздөрүн “Азия-Плюс”.

Кыргыз тарап бул тууралуу азырынча эч кандай пикир билдире элек.

“Азия-Плюс” шилтеме жасаган тажик чиновнигинин маалыматы боюнча, чек ара жаңжалдары боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр эч кайсы натыйжага алып келген эмес.

“Тараптардын делегациялары Исфарадагы кызыган абалды түшүнүп туруп сүйлөшө албайт. Бир күн мурда кечинде алар Кайраккумдан чыгып кетишти, бүгүн ал жерде сүлөшүүлөр уланат”, - деп жазат чиновниктин сөздөрүн агенттик.

Жаңжалдын эки версиясы

Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, чыр-чатак 10-июль күнү эртең менен Тажикстандын жергиликтүү жашоочуларынын “мыйзамга сыйбаган аракеттеринен” улам келип чыккан. Алар Каравшин дарыясынан Ворух анклавындагы Бедак айылына түтүк өткөрүүнү каалашкан.

Тажикстан жарандарынын “мыйзамга сыйбаган аракеттерин” токтотуу үчүн кыргыз чек арачылары абага бир нече жолу ок аткан — бул жакын ортодо жүргөн тажик аскерлерин көкүткөн.

Тажик бийлиги, тескерисинче, ок атуу кыргыз чек арачылары тарабынан башталган дейт. Алар “жөнөкөй тургундарга” түтүк өткөрүп жатканда тоскоолдук кылышкан.

“Жакын ортодо жүргөн тажик чек арачылары абалды териштирүү үчүн жакындашып, кыргыз кесиптештеринин аракеттерин токтотууга аракеттенишкен. Жооп иретинде кыргыз тарап автомат куралынан мээлеп ок ачышкан”, - делет Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Кыргыз бийлиги өз аскерлери тарабынан ок ачылгандыгын четке кагууда.

“Кыргыз чек арачылары жөнөкөй жарандарга карата курал колдонбойт”, — деди кыргыз чек ара кызматынын басма сөз катчысы Борубаева.

Расмий Кыргызстан 10-июль күнү эртең мененки атышуудан каза болгондордун бар экендигин азырынча тастыктай элек.

“Качан гана Тажикстан расмий түрдө бул маалыматты тастыктаганда, ошондо биз бул туурасында бир нерсе дей алабыз. Учурда биз тажик кесиптештерден эч кандай расмий билдирүү ала элекпиз”, — деди басма сөз катчы.

Тажикстандын ТИМи өзүнүн билдирүүсүндө кабарлагандай, ок атышуунун жүрүшүндө бир тажик жараны каза болгон, сегиз киши жаракат алган, анын ичинде бир чек арачы да болгон.

Тажик бийлиги да өздөрү тараптан ок ачууну четке кагууда.

Сүйлөшүүлөрдүн чокусунда

Жаңжал Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрү мунасага келейин деп жаткан учурга туш келүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз бийлиги бүгүн, 10-июлда, тажик анклавын айланып өткөн жолдун салынышын кайра улантышы керек эле.

Бул үстүбүздөгү жылдагы кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосундагы экинчи жолку атышуу.

Январдын башындагы кагылыштар эч кандай курмандыксыз болгон болсо да, мурдагы советтик республикалардын ортосундагы мамилелерди бир топ татаалдаштырган эле. Бул өлкөлөр СССР жоюлгандан бери чек арасын делимитациялай элек.