Ажаткананын уроосунан улам адамдардын өлүмү боюнча иш токтотулду

Кара-Суу районундагы коомдук ажаткананын полунун уроосунан улам айыпталып жаткан экс-чиновниктер иштин токтотулушунан кийин бошотулду.

Ош облусу боюнча архитектура-курулуш көзөмөл инспекциясынын мурдагы чиновниктери 67 жаштагы Хабибулла Алжанов жана 63 жаштагы Сапарбай Аматов, 10-июль күнү мөөнөтү эскиргендиктен ишти токтотууга чечим чыгарылган соң, сот залынан бошотулду.

Иштин токтотулушу жөнүндө токтом Ош облустук сот тарабынан чыгарылган, деп кабарлайт “Голос Свободы” укук коргоочу порталы.

Азыркы пенсионерлер Алжанов жана Аматов башынан бери Кара-Суудагы коомдук ажаткананын курулуусуна уруксат бергендиги үчүн айыпталышкан. Анткени анын натыйжасында 2012-жылы ажаткананын полу урап, төрт адамдын өмүрүн алып кеткен.

Мурдараак, ушул жылдын май айында Ош шаардык соту, адамдарды өлүмгө дуушар кылган кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалангандыгы үчүн аларды айыптап, 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган эле.

Бирок амнистиядан улам камак өкүмү бир жарым жылга кыскартылган. Анда шаардык соту айыпталуучулардан жабыр тарткандардын пайдасына төрт миллион сомдон төлөп берүүсүнө токтом чыгарган.

Кара-Суунун борбордук базарындагы коомдук ажаткананын полу 2012-жылдын 3-ноябрында урап, авариянын натыйжасында төрт адам каза болгон жана 15и жабыркаган.

Кырсыкка Ош облусу боюнча архитектура-курулуш көзөмөл инспекциясынын мурдагы чиновниктери Хабибулла Алжанов жана Сапарбай Аматов айыпталган. Алар 20 кишилик ажаткананын курулушуна уруксатка кол коюшкан.

toilet-collapse-karasuu

Күнөөлүү деп табылгандардын арасында ажаткананын ээси Муса Апышев да болгон, бирок ал каза болуп калган жана ага карата кылмыш иши токтотулган.

Райондук архитектуранын корутундусу боюнча, полдун урашына авариядан бир канча апта мурда жасалган ажаткананын дубалындагы тешик себеп болгон.

Дубалдагы тешик милиционерлердин бири өзүнүн табелдик куралын казылган чуңкурга түшүрүп алгандан кийин талкалангандан кийин пайда болгон.