Президент Алмазбек Атамбаев чет өлкөлүк жарандарга жана ишканаларга чек арага жакын жайгашкан аймактагы кыймылсыз мүлктүн кандай гана түрү болбосун, аларды сатууга тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол койду.
“Кыргызстандын чек арага жакын аймагына өзүнчө макам берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндөгү” мыйзамга оңдоолор киргизилмекчи жана алар расмий жарыялангандан тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.
“Кыргызстандын өзгөчө макамга ээ болгон чек арага жакын жайгашкан аймактарында менчиктин формасынан көз карандысыз кандай гана кыймылсыз мүлктүн түрү болбосун аларды чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы болбогон жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын ээлигине өткөрүп берүүгө байланыштуу жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө тыюу салынат”, - деп кабарлайт президенттин басма сөз борбору.
Бул мыйзамдын бир гана Кыргызстандын аймагына отурукташкысы келген же отурукташуу жараяныны үстүндөгү этникалык кыргыз кайрылмандарына тиешеси жок.
Парламент тыюуну ушул жылдын 19-июнунда макул тапкан.
Депутаттар бул жер тилкелерин коңшу өлкөлөрдөн чет өлкөлүктөр өз мамлекеттеринин аянтын чоңойтуу үчүн сатып алышы мүмкүн деп чочулашкан.
Айрым парламентарийлер чек арага жакын аймактарда жашагысы келген же ошол жер тилкелерин сатып алууну каалаган мекендештерге жеңилдиктердин берилүүсүн өкмөттөн суранышкан.
Анда өкмөт жер тилкелерин сатып алуу боюнча маселени карап чыгууга сөз берген эле.
Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын аймактары Фергана өрөөнүндө биригет жана өлкөлөрдүн ортосундагы татаал чек ара системасын түзөт.
Мамлекеттердин ортосундагы чек аралардын көпчүлүк бөлүгүнүн делимитацияланбаганы жергиликтүү тургундардын ортосундагы кагылышуулардын такай жүз беришине жана ошондой эле кээде чек арачылардын ортосунда чырдын чыгышына алып келүүдө.
Мындай жаңжалдардын бири 10-июлда кыргыз жана тажик аскерлеринин ортосунда жүз берген. Тажикстандын билдирүүсүндө, ок атышуудан бир тажик жараны каза болуп, сегизи жаракат алган.
Азыр, Кыргызстандын маалыматы боюнча, 11-июлга карата ок атышуу токтотулуп, бирок абал чыңалган бойдон турат.