Кургакчылык Чүй облусундагы түшүмдү жок кылуусу мүмкүн


Сугат суунун жетишсиздиги быйылкы аз түшүмдүүлүктүн себеби болуп калышы ыктымал, дешет Чүй облусундагы Панфилов районунун дыйкандары. Алар айдоо үчүн алган кредиттерин төлөй албай калуудан чочулоодо.

Панфилов району суу тосмосунан эң алыс жайгашкан жана суунун жетишсиздигине эң көп дуушар болгон жер. Дыйкандардын айтымында, ал жерге отургузулган кант кызылчасы быйыл бир да жолу суугарылган эмес.

Жергиликтүү дыйкандар Кайыңды кант заводу менен келишимге байланган - ушул жылдын күз мезгилинде жер иштетүүчүлөр кызылчаны кайра иштетүү үчүн ишканага тапшырышы керек.

Панфилов районундагы айылдардын биринин старостасы Харис Орфанов Kloop.kgге берген маегинде, анын көпчүлүк айылдашы талаага кант кызылчасын себүү үчүн кредит алышкандыгын айтып өттү.

“Көпчүлүгү банктан жылына 11 же 12 пайыздык кредиттерди алышты. Үчөө 200 миң сомдон, бирөө 400 миң, көпчүлүгү 50-100 миңден алышты”, - дейт ал.

Чүй облусуна сууну бөлүштүргөн батыш Чоң чүй каналынын (ЧЧК) башкы курулмасынын гидрометри Арзыгүл Матакунова айткандай, суунун жетишсиздигине себеп - бул быйылкы жылдын суусунун аз болушу. Ошондуктан суу толук көлөмдө жеткирилбей жатат.

“Чарбалар бир канча эсеге чоңойду. Суу баарына көбүрөөк керек болууда. Суу быйыл жетишсиз. Тоолуу булактарды июлдун ортосунда берет, бирок бул аз”, - дейт ал.

Анын айтымында, былтыр батыш ЧЧКнын бир эле каналы секундасына 55 куб метр суу алып келген болсо, быйыл ал болгону 34 куб метр.

“Күн бою биз сууну нормасы менен беребиз. Суу чектелген. Биз сууну Панфилов району боюнча жеткиришибиз керек, ошондуктан жакын жайгашкан чарбаларга жетпей жатат”, - дейт Матакунова.

Өкмөттүн вице-премьери Тайырбек Сарпашев фермерлер менен болгон маегинде айткандай, суунун аз болушунун себеби климаттык маселелерден - анын айтымында, Чүй облусундагы суу ар беш жылда ушундай төмөнкү даражага түшүп турат.

“Аныкталгандай, айрым көлмөлөр качан мүмкүнчүлүк болгондо убагында күзгү мезгилде толтурулган эмес. Бул боюнча кызматтык териштирүү жүргүзөбүз. Албетте, кийинки жылы суу көбүрөөк болот, биз бул маселелерди беш жылга унутсак болот”, - деди вице-премьер.