Эгер “Тамдык” чек ара бекетине кол салса, Кыргызстан “ок менен жооп берет”

Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, эгер Тажикстандын жергиликтүү тургундары “Тамдык” чек ара бекетине куралдуу кол салса, Кыргызстан “ок атуу менен жооп берет”.

Тажикстан менен болгон чек арада жагдай чыңалган бойдон - ал жерде 10-июль күнү чек арачылардын ортосунда ок атышуу болуп, анын жүрүшүндө Тажикстандын версиясы боюнча, бир тажик жараны каза болгон.

Азыр атышуу токтотулган, бирок тажик чек арачылары кыргыз кесиптештерине “Тамдык” чек ара бекетине 30 тажик жараны тарабынан кол салууга даярдык көрүп жаткандыгын билдирген жана 11-июлдук кечине чейин бул бекеттен чыгып кетүүсүн кеңеш берген.

Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гульмира Борубаеванын айтымында, Тажикстандын бийлиги, эгерде өзүнүн жарандары кыргыз чек ара бекетине кол салса, анда алардын мындан аркы аракеттери үчүн жоопкерчилик алуудан баш тартууда.

“Биздин жетекчибиз, кыргыз чек арачылары өз ордуларын таштап кетпейт деп билдирди. А тажик чек арачылары болсо, тескерисинче, жергиликтүү калк менен иш алып барышы жана өздөрүнүн калкынын бардык мыйзамга каршы аракеттерин токтотушу керек”, - деди Kloop.kgге берген маегинде Борубаева.

Ал кошумчалагандай, эгер тажик тургундары кол салып, Тамдык айылындагы кыргыз чек арачыларына ок ачса, анда кыргыз аскерлери аргасыздан “ок менен жооп берет”.

“Эгер бекетке Тажикстандын жарандары кол салса, анда кыргыз мыйзамдарынын бузулушунан, тагыраак айтканда, мамлекеттик чек аранын бузулушунан улам, бардык тиешелүү чаралар колдонулат”, - деди басма сөз катчы.

Азыр өкмөттүк топ чек арадагы жаңжалды жөнгө салуу бонча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн тажик шаары Исфарага жөнөп кеткен, деп кошумчалады Борубаева.

“Тамдык” чек ара бекети, Кыргызстандын версиясы боюнча, 10-июль күнү кечинде тажик чек арачыларынын миномёт жана гранатомёттон аткылоосуна дуушар болгон, анын жүрүшүндө бир кыргыз аскери жабыркаган.

Тажикстан, өз кезегинде, ок ачпагандыгын билдирген.

“Азия-Плюс” тажик кабар агенттигинин жергиликтүү чиновникке шилтеме жасап билдирген маалыматы боюнча, кыргыз чек арачылар 11-июль күнү эртең менен тажик айылы Ворухтун митингге чыккан тургундарына ок ачкан.

Кыргызстандын чек арачылары бул маалыматты төгүндөп, Тажикстандын жарандарына эч бир аскер ок ачпагандыгын билдирген.

Жаңжалдын эки версиясы

Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, чыр-чатак 10-июль күнү эртең менен Тажикстандын жергиликтүү жашоочуларынын “мыйзамга сыйбаган аракеттеринен” улам келип чыккан. Анда алар Каравшин дарыясынан Ворух анклавындагы Бедак айылына түтүк өткөрүүнү каалашкан.

Тажикстан жарандарынын “мыйзамга сыйбаган аракеттерин” токтотуу үчүн кыргыз чек арачылары абага бир нече жолу ок аткан — бул жакын ортодо жүргөн тажик аскерлерин көкүткөн.

Тажик бийлиги, тескерисинче, ок атуу кыргыз чек арачылары тарабынан башталган дейт. Алар “жөнөкөй тургундарга” түтүк өткөрүп жатканда тоскоолдук кылышкан.

“Жакын ортодо жүргөн тажик чек арачылары абалды териштирүү үчүн жакындашып, кыргыз кесиптештеринин аракеттерин токтотууга аракеттенишкен. Жооп иретинде кыргыз тарап автомат куралынан мээлеп ок ачышкан”, — делет Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Кыргыз бийлиги өз аскерлери тарабынан ок ачылгандыгын четке кагууда.

“Кыргыз чек арачылары жөнөкөй жарандарга карата курал колдонбойт”, — деди кыргыз чек ара кызматынын басма сөз катчысы Борубаева.
Расмий Кыргызстан 10-июль күнү эртең мененки атышуудан каза болгондордун бар экендигин азырынча тастыктай элек.

“Качан гана Тажикстан расмий түрдө бул маалыматты тастыктаганда, ошондо биз бул туурасында бир нерсе дей алабыз. Учурда биз тажик кесиптештерден эч кандай расмий билдирүү ала элекпиз”, — деди басма сөз катчы.

Тажикстандын ТИМи өзүнүн билдирүүсүндө кабарлагандай, ок атышуунун жүрүшүндө бир тажик жараны каза болгон, сегиз киши жаракат алган, анын ичинде бир чек арачы да болгон.

Тажик бийлиги да өздөрү тараптан ок ачууну четке кагууда.

Сүйлөшүүлөрдүн чокусунда

Жаңжал Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрү мунасага келейин деп жаткан учурга туш келүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз бийлиги 10-июлда тажик анклавын айланып өткөн жолдун салынышын кайра улантышы керек эле.

Бул үстүбүздөгү жылдагы кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосундагы экинчи жолку атышуу.

Январдын башындагы кагылыштар эч кандай курмандыксыз болгон болсо да, мурдагы советтик республикалардын ортосундагы мамилелерди бир топ татаалдаштырган эле. Бул өлкөлөр СССР жоюлгандан бери чек арасын делимитациялай элек.