«Газпром»: Ошко газ берүүнү калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Апрелде «Кыргызгазды» сатып алган Орусиянын энергетикалык «Газпром» компаниясы Ошко газ берүүнү калыбына келтирүү боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрүн улантууда. Шаарга үч айдан бери көгүлтүр отун берилбей эле.

«Газпромдун» басма сөз катчысы Ольга Морева кат аркылуу Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстандын түштүгүн газ менен камсыз кылуу боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгын билдирди.

Морева «Кыргызгазды» сатып алуу боюнча макулдашуунун жол-жоболору аяктагандыгын, бирок азырынча «Газпром» өлкөгө көгүлтүр от жеткирүү боюнча милдеттенмелерди ала электигин белгиледи.

«Газпром» «КыргызгазПром» ЖЧКсынын менчик укугуна ээ болгондон кийин Кыргызстандын керектөөчүлөрүн газ менен камсыз кылуу боюнча милдеттенмелердин бардыгын өзүнө алат», — деп жазылган «Газпромдун» басма сөз кызматынын катында.

Басма сөз катчы Өзбекстан менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында компания эмнеге жетишкендигин тактап айтып берген жок.

«Газпромдун» өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгы тууралуу май айында эле кабарланган болчу, бирок алар азыркыга чейин жыйынтыксыз болууда.

«Азаттык» радиосунун өзбек версиясы — «Озодлик» — Ошко көгүлтүр от берүүнүн токтотулушун «Кыргызгаздын» «Газпромго» сатылышы менен байланыштырууда.

«10-апрелде «Кыргызгаз» ишканасынын орусиялык «Газпром» компаниясына сатылгандыгы жөнүндөгү макулдашууга кол коюлгандан туура 4 күн өткөндөн кийин, тактап айтканда, 14-апрелден тарта Өзбекстан Ошко газ берүүсүн токтоткон», — деп жазган «Озодлик».

Ийгиликсиз сүйлөшүүлөр

Июндун аягында Оштун жергиликтүү бийлиги «жеткиликтүү» баада суюлтулган газ сатуу жайларынын ачылгандыгын жарыялаган.

Оштуктарды суюлтулган газ менен камсыз кылууну өкмөттүн өзбек тарап менен болгон ийгиликсиз сүйлөшүүлөрүнөн кийин президент Алмазбек Атамбаев сунуштаган.

Кыргызстандын министрлер кабинети Өзбекстан суроо-талаптарга жооп бербей жатканын, аны менен катар Нарын дарыясындагы электр станциялары боюнча эл аралык экспертизанын өткөрүлүшүн жана Сох анклавына барчу коридор талап кылып жаткандыгын кабарлаган.

Буга чейин Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиёевге жеке кайрылгандыгын, бирок жооп ала албагандыгын айткан.

Өзбекстан Ошко газ берүүнү токтоткондугунун расмий себеби буга чейинки «макулдашуунун мөөнөтүнүн аяктагандыгы» экенин билдирген.

Автор: Зарема Султанбекова