Кыргыз-тажик чек арасындагы абал «салыштырмалуу туруктуу»

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы атышуудан кийин андагы абал «салыштырмалуу турукташты». Чек арадагы атышуу 10-июль күнү орун алып, тажик бийлигинин версиясы боюнча, анын жүрүшүндө бир жарандык адам каза болгон.

Чек арачылардын ортосунда орун алган 10-июлдагы ок атышуудан кийин кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу турукташты, деп билдирүүдө Кыргызстандын бийлиги.

Тажикстандын версиясы боюнча, ал атышуулардын жыйынтыгында алар тараптан бир жарандык адам каза болуп, дагы сегиз киши жаракат алышкан, алардын арасында бир аскер кызматкери бар болгон. Анда Кыргызстан жергиликтүү жашоочуларга каршы курал колдонбогондугун билдирген.

Кыргызстандын чек ара кызматы учурда чек арадагы абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экендигин жана чек арага жакын унаа жолдор ачылып, андагы кыймыл кадимки режимде жүрүп жаткандыгын билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара бөлүгү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөсүн улантууда», — деп билдирди Кыргызстандын чек ара мекемеси.

Чагымчылдыкка жол бербөө максатында Баткен облусунун жергиликтүү бийлиги учурда калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, деп билдирди «Азаттык» радиосу Баткен облусунун акиминин орун басары Таалайбек Ибраимовго шилтеме жасап.

Кыргызстан менен Тажикстандын бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу 13-июль күнү Исфара шаарында өттү – анда эки өлкөнүн чек ара мекемелери менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аймактагы абалды турукташтыруу маселесин талкуулашты.

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр 12-июль күнү кыргыз чек арачыларынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев менен президент Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусуна себеп болду.

Анын жүрүшүндө Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы өлкө башчысына чек арадагы ок атышуунун чоо-жайы тууралуу айтып берди. Өз кезегинде Атамбаев абалды турукташтыруу боюнча чара көрүү тапшырмасын берди. Бирок кеп кандай чаралар жөнүндө болуп жаткандыгы тууралуу кабарланган жок.

Чек арадагы чырды иликтөө иштери менен Кыргызстан менен Тажикстандын Башкы прокуратураларынын ыкчам-иликтөө топтору алектенишет, деп билдирди коопсуздук боюнча вице-премьер Абдырахман Маматалиев.

«Силер билгендей тажик тараптын версиясы биздикинен кыйла эле айырмаланып турат. Күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн тергөө жүргүзүү керек, аны менен ыкчам-иликтөө топтору алектенишет», — деп жазган «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасы вице-премьердин айткандарын.

Жаңжалдын эки версиясы

Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, чыр-чатак 10-июль күнү эртең менен Тажикстандын жергиликтүү жашоочуларынын “мыйзамга сыйбаган аракеттеринен” улам келип чыккан. Анда алар Каравшин дарыясынан Ворух анклавындагы Бедак айылына түтүк өткөрүүнү каалашкан.

Тажикстан жарандарынын “мыйзамга сыйбаган аракеттерин” токтотуу үчүн кыргыз чек арачылары абага бир нече жолу ок аткан — бул жакын ортодо жүргөн тажик аскерлерин көкүткөн.

Тажик бийлиги, тескерисинче, ок атуу кыргыз чек арачылары тарабынан башталган дейт. Алар “жөнөкөй тургундарга” түтүк өткөрүп жатканда тоскоолдук кылышкан.

“Жакын ортодо жүргөн тажик чек арачылары абалды териштирүү үчүн жакындашып, кыргыз кесиптештеринин аракеттерин токтотууга аракеттенишкен. Жооп иретинде кыргыз тарап автомат куралынан мээлеп ок ачышкан”, — делет Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Кыргыз бийлиги өз аскерлери тарабынан ок ачылгандыгын четке кагууда.

“Кыргыз чек арачылары жөнөкөй жарандарга карата курал колдонбойт”, — деди кыргыз чек ара кызматынын басма сөз катчысы Борубаева.

Расмий Кыргызстан 10-июль күнү эртең мененки атышуудан каза болгондордун бар экендигин азырынча тастыктай элек.

“Качан гана Тажикстан расмий түрдө бул маалыматты тастыктаганда, ошондо биз бул туурасында бир нерсе дей алабыз. Учурда биз тажик кесиптештерден эч кандай расмий билдирүү ала элекпиз”, — деди басма сөз катчы.

Тажикстандын ТИМи өзүнүн билдирүүсүндө кабарлагандай, ок атышуунун жүрүшүндө бир тажик жараны каза болгон, сегиз киши жаракат алган, анын ичинде бир чек арачы да болгон.

Тажик бийлиги да өздөрү тараптан ок ачууну четке кагууда.

Сүйлөшүүлөрдүн чокусунда

Жаңжал Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрү мунасага келейин деп жаткан учурга туш келүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз бийлиги 10-июлда тажик анклавын айланып өткөн жолдун салынышын кайра улантышы керек эле.

Бул үстүбүздөгү жылдагы кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосундагы экинчи жолку атышуу.

Январдын башындагы буга чейинки кагылыштар эч кандай курмандыксыз болгон болсо да, мурдагы советтик республикалардын ортосундагы мамилелерди бир топ татаалдаштырган эле. Бул өлкөлөр СССР жоюлгандан бери чек арасын делимитациялай элек.