Ооганстандагы согуштук өнөктүктү токтотуу фонунда америкалык «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун Кыргызстандан чыгарылышы «толук логикага негизделген», деп билдирди Орусиянын Тышкы иштер министрлиги.
Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин комментарийи, мекеменин сайтына жарыяланган:
https://soundcloud.com/kloop-1/svbtud9mozwf
«Манас» транзиттик жүк ташуу борбору 2014-жылдын 11-июлунда биротоло чыгарылды. Буга байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадам боюнча комментарий берип, аны «толук логикага негизделген» кадам деп атады.
«Борбор Азия аймагында түзүлгөн инфраструктуранын талап кылынбай калынышына алып келе турган Ооганстандагы ири масштабдагы согуштук өнөктүктөрдү пландуу түрдө токтотуунун шартында мындай кадам толук логикага негизделгендей көрүнүүдө», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.
Кыргыз бийлигинин баамында, жүк ташуу борборунун чыгарылышынан улам өлкө бюджети жылына 200 млн. АКШ долларына чукул каражат жоготушу мүмкүн.
Видео: «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун жабылышына арналган расмий салтанат
Анткен менен Орусиянын ТИМи «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун өлкө аймагынан чыгарылышынан улам каржы кирешелери кыскарат деген кооптонууларды апыртылган деп эсептейт. Комментарийлерге ылайык, ал каржы кирешелери базаны жарандык хабдарга өзгөртүүнүн эсебинен толукталышы мүмкүн.
«Кыргыз өнөктөштөрүбүздүн өтүнүчү менен бир катар ири орусиялык компаниялар, ошондой эле башка өлкөлөрдөн чакырылган адистер мурунку аскер базасын аймакта суроо талапка ээ заманбап жарандык авиатүйүнгө өзгөртүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп жатышат», — деп билдирди Орусия мекемеси.
Америка бийлиги менен «Манас» жүк ташуу борбору боюнча кызматташууну токтоттуу Орусиянын Кыргызстандагы таасиринин күчөшүнүн фонунда орун алууда — бул Орусиянын мамлекеттик корпорацияларынын негизги кыргыз ишканаларын башкарууга тартылышы жана Кыргызстандын Орусия башында турган Бажы биримдигине кирүүгө болгон аракеттеринен байкалууда.
Аны менен катар Орусиянын таасир этүү чөйрөсүнө кабылган Кыргызстан өз аймагында бир нече орусиялык объектилерди сактап турат, алардын арасында Бишкектен бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан Канттагы аскер базасы да бар.
«Манас» Кыргызстанда
Кыргызстандын аймагында 2001-жылдан бери иштеп келген «Манас» транзиттик жүк ташуу борбору алгач АКШ менен анын союздаштарынын Ооганстандагы аскерий өнөктүгүн колдоо үчүн «Ганси» авиабазасы катары пайдаланылган.
2009-жылдын ортосунда база «Манас» транзиттик жүк ташуу борбору деп аталып, иш багытын өзгөрткөн. Ошондон бери жүргүнчүлөр менен жүктөрдү Ооганстанга жана андан кайра бул жакка жеткирүү үчүн, ошондой эле абада учактардын майын алмаштыруу үчүн пайдаланылып келген.
Видео: «Манас» Транзиттик жүк ташуу борбору жабылгандан кийин Кыргызстанга эмнелер калат?
«Манас» транзиттик жүк ташуу борбору жабылгандан кийин Кыргызстан жалпысынан 200 млн. доллар жоготот — өлкө бийлиги ал акчаны Токмоктогу мунай иштетүүчү заводу менен америка базасынын ордуна жарандык авиа түйүнүнүн курулушунун эсебинен толуктоону көздөп жатышат.
Өлкөдө «Манас» транзиттик борборуна карата түрдүү пикирлер айтылып, түрдүү көз караштар орун алып келген. Америкалык аскер кызматкерлерине болгон нааразычылык 2006-жылы базада кыргызстандык жаран Александр Иванов атылгандан кийин өзгөчө күчөгөн.