Судьянын ооруп калгандыгына байланыштуу Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркулов менен мэриянын бир нече экс-чиновниктеринин иши боюнча сот жыйыны 23-июлга жылдырылды. Мурунку калаа башчысы менен анын кызматкерлери Жеңиш сейил багынын аймагынан жеке адамдарга жер тилкелерин мыйзамсыз беришкен деп айыпталып жатышат.
Бул жыйында экс-мэр Иса Өмүркулов менен Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 305-беренесинин негизинде «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деп айыпталып жаткан мэриянын бир нече мурунку чиновнигине карата өкүм чыгарылат деп божомолдонуп жаткан.
Мурунку мэр Бишкектин чыгыш бөлүгүндөгү Жеңиш сейил багынын аянтынан жеке ишкерлерге кафе, ресторан жана май куюучу жайларды курууга жер тилкелерин «мыйзамсыз» берген деп айыпталууда.
Өмүркуловдун жактоочусу Сергей Слесарёв актоо өкүмүнүн чыгарылаарына толук ишенет — ал анын жактоосундагы мурунку калаа башчысына карата коюлуп жаткан айыптоолорду «толугу менен негизсиз» деп эсептейт.
«Жеңиш сейил багынын чегин бекитүү жөнүндөгү мэриянын токтому анын ыйгарым укуктары менен Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чыгарылган», — деди Слесарёв Kloop.kgге берген маегинде.
Өмүркуловго каршы кылмыш иши 2013-жылдын декабрынын башында козголгон.
Мамлекеттик айыптоонун маалыматтары боюнча, Өмүркулов Бишкектин мэри болуп турган кезде сейил багынын аянты 16 гектарга кыскартылып, коммерциялык фирмаларга берилген.
9-июндагы сот жыйынында мамлекеттик айыптоо Өмүркуловду үч жылдык мөөнөткө муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу жана мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка 8 жылга эркинен ажыратуу жазасын сураган.
Ошондой эле мурунку калаа башчысы менен бирге Бишкек муниципалитетинин дагы төрт чиновниги айыпталууда — прокуратуранын маалыматы боюнча, сейил багынын аянтын жеке колдонууга берүүгө алардын да тиешелери бар болгон.
Алар үчүн мамлекеттик айыптоочу азыраак — 5 жылдан 6 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасын сураган.
Прокуратура тарабынан айып тагылгандан эки күн өткөндөн кийин мэр кызматынан өз каалоосу менен кетүү боюнча арызын жазган, бирок мэрликтен кетишинин ага каршы козголгон кылмыш ишине эч байланышы жок экендигин билдирген.
Учурда Иса Өмүркулов белгилүү аймактан чыкпоо колкатынын негизинде эркиндикте жүрөт.
Өмүркулов Бишкектин мэри болуп 2010-жылдагы революциядан кийин дароо дайындалган. Ал мэр болуп турганда шаар тургундарынын арасында анын ишмердүүлүгүнө карата түрдүү пикирлер айтылып турган.
Сынчылар аны акчалардын изин жашырууга жана Бишкекте инфраструктуралык жакшыртуулардын жоктугуна айыпташса, анын тарапташтары 2013-жылы борбордо болуп көрбөгөндөн көп сандагы жолдордун оңдолгонун белгилеп келишет.
Автор: Дарья Дариенко