Москва метросундагы кырсык: Азырынча жаракат алган кыргызстандыктар тууралуу маалымат жок [+видео]

Кыргызстандын бийлиги азырынча Москва шаарындагы метродогу кырсыктан жаракат алган мекендештер тууралуу маалымат жок экендигин билдирди. Анда каза болгондордун саны 10го жетип, жаракат алгандар 100дөн ашкан

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Kloop.kgге берген маегинде  азырынча Москва метросундагы кырсыктан жаракат алган кыргызстандыктар тууралуу маалымат жок экендигин билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыковдун айтымында, учурда министрлик Москвадагы элчиликтеги өз дипломаттарынан маалымат күтүп жатат.

Азырынча бул боюнча комментарий алуу үчүн Кыргызстандын Москвадагы элчилиги жеткиликсиз болууда.

Кырсык 15-июль күнү эртең менен «Славянск бульвары» жана «Жеңиш паркы» станцияларынын ортосунда болгон – чукул токтоодон улам метронун Арбат-Покровский тилкесиндеги поезд рельстен чыгып кеткен. Болжолдуу маалыматтар боюнча, поезддин чукул токтошуна электр түйүндөрүндөгү чыңалуунун төмөндөгөндүгү себеп болгон.

Каза болгондордун саны ондон ашкандыгы, ал эми жаракат алгандар жүздөн ашуун экендигин кабарланууда. Би-би-синин орус кызматынын маалыматы боюнча, 106 киши ооруканага жаткырылган, алардын кеминде 24ү оор абалда.

Орусиянын ӨКМинин Башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, түйүндөгү чыңалуунун кескин төмөндөп кетишинен улам метродогу жалган сигнал берүү системасы иштеп кетип, ал поезддин чукул токтошуна себеп болгон.

«Адамдарды метродон көчөгө чыгаруу иштери жүрүп жатат. Азыркы учурга карата 200гө чукул киши чыгарылды. Метродо өрт жана түтүн жок. Жаракат алгандарды шаардын ооруканаларына жеткирүү үчүн окуя болгон жерде Москва авиациялык борборунун тик учагы иштеп жатат», — деп билдирди ӨКМдин Москва шаардык бөлүмү.

Орусиянын Тергөө комитети метрополитендеги кырсык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду – кылмыш иши Орусия Федерациясынын Кылмыш кодексинин «Транспорттук коопсуздук тармагындагы эрежелерди бузуу» беренеси боюнча козголду.

Анткен менен азырынча шектүүлөр жок.

Москва бийлиги теракт версиясын караштырбай эле, деп билдирди РИА Новости агенттиги Транспорт департаментинин Москва бөлүмүнүн башчысы Максим Лисктовго шилтеме жасап.

«Жаракат алгандар тууралуу маалыматтарды тактоо иштери уланууда. Ошондой эле «Москва метрополитени» мамлекеттик ишканасына да ири көлөмдөгү материалдык зыян келтирилген. […] Азыркы учурда тиешелүү экспертизаларды белгилөө боюнча маселелер чечилип жатат», — деп жазган агенттик Тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркиндин айткандарын.

Бул кырсык Москва метросунда орун алган кырсыктардын эң ириси – буга чейин эң трагедиялуу кырсык катары 1982-жылы «Авимоторный» станциясындагы эскалатордун сынгандыгы эсептелип келген. Анда 8 киши каза болуп, 30 киши жаракат алган болчу.