Оорусуна байланыштуу экс-мэр Түлеевдин соту жылдырылды [+видео]

Бишкек шаардык соту борбордун экс-мэри Нариман Түлеевдин саламаттыгындагы көйгөйлөргө байланыштуу анын ишин кароону 22-июлга жылдырды. Ал мэр болуп турган кезде кытай автобустарын сатып алууда каржы алдамчылыктарына барган деп айыпталууда.

Бишкек шаардык сотунун судьясы экс-мэр Түлеевдин иши боюнча соттук процессти анын саламаттыгы жакшырганга чейин токтото турууну сунуштады.

Өз кезегинде мамлекеттик айыптоочу Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарыгерлери мурунку мэрдин саламаттыгын карап чыгуусун жана аны дарылап жаткан дарыгерди суракка алууну сунуштады.

«Бизге медициналык комиссиянын корутундусунун документин биротоло беришсин», — деди прокурор.

Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев менен анын орун басары Валерий Корниенкого каршы козголгон кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүшү же сот жообуна тартылып жаткандар айыкканга чейин токтотулушу мүмкүн.

Мурунку калаа башчысынын коомдук жактоочусу Татьяна Чильникина соттон Түлеевди онкологиялык борборго которуусун өтүндү – буга чейин экс-мэр мурунунун гаймор көңдөйүнүн плазмоцитомунан жабыркап жаткандыгы кабарланып жаткан.

«Биз аны онкологиялык диспансерге которуу маселесин койдук. Медициналык документтер бир том болуп калды. Бирок аны эч ким укпай эле», — деди Чильникина жыйындын жүрүшүндө.

Түлеевдин иши

Бишкек шаардык соту — Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев менен муниципалитеттин бир нече экс-чиновниктеринин ишин карап жаткан экинчи баскычтагы соттук орган.

Түлеев 2000-жылдардын аягында Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде кытай автобустары менен таштанды ташуучу унааларды сатып алууда алдамчылыктарга барып, мамлекетке зыян келтирүүгө күнөөлүү деп табылган — ага карата Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Аман Сариев үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен күчөтүлгөн режимдеги абакка 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Экс-мэрден сырткары ошол кезде аны менен бирге мэрияда иштеген дагы бир нече чиновник соттолгон:

  • Муниципалдык «Тазалык» ишканасынын директорунун мурунку милдетин аткаруучусу Бакыт Сыдыков үй-мүлкүн конфискациялоо менен катаал режимдеги абакка 5 жылга эркинен ажыратылган;
  • Мэриянын алдындагы унаа транспорт ишканасынын мурунку директору Медет Кожобергенов мүлкүн конфискациялоо менен катаал режимдеги абакка 13 жылга кесилген;
  • мурунку вице-мэр Валерий Корниенко үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен катаал режимдеги абакка 10 жылга эркинен ажыратылган;
  • муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Руслан Бейшенбаевге карата мүлкүн конфискациялоо менен катаал режимдеги абакка 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Нариман Түлеев 2012-жылдын жайында кармалган жана ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиеттин тергөө абагында камакта жатат. Жактоочулар билдирип жатышкандай, анын саламаттыгыгын оор абалда экендигине карабастан үсүтүбүздөгү жылдын мартында аны Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №47 абагынан УКМКнын тергөө абагына алып барышкан.

Ал 2010-жылдагы революциядан кийин Бишкек шаарынын мэри кызматынан бошоп, бир канча убакыт саясаттан четтеп кеткен, бирок көп өтпөй эле учурдагы оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан парламент депутаты болуп кайтып келген.