Сүрөт: Ысык-Көлдү велосипед менен беш күндө айланып чыгууга болот

Kloop.kgнин Караколдогу блоггери Азамат Айтбаев Ысык-Көлдү велосипед менен айланып чыгуу тууралуу өзүнүн көптөн бери самап жүргөн кыялын ишке ашырды. Бул үчүн ага болгону беш гана күн талап кылынган.

Баяндама Азамат Айтбаевдин атынан жүрөт. Түп нускасы анын Kloop.kgдеги блогуна жарыяланган.

Азамат Айтбаев.
Азамат Айтбаев.

Бул велосипед саякатына жакын досум Айбек Жапаров экөөбүз бирге чыктык. Биз аны туризм факультетинде окуган группалаштарым менен январдан бери пландап келгенбиз. Бирок тилекке каршы алардын бардыгы тең Туркияга практикага кетип калышты, ошондуктан ал идеяны досум экөөбүз ишке ашыралы деп чечтик!20140623_115553-576x1024Биз Караколдон велосипед менен 22-июнь күнү чыктык. Сапарыбызды Ысык-Көлдүн түштүк жээгинен баштадык. Жаныбызга чатыр, дары-дармектердин жыйындысы сыяктуу бардык зарыл буюмдар салынган рюкзактарды алдык. Жалпысынан алардын ар бирине 20 килограммдан жүк салдык. Караколдон саат 11:00дө чыгып, бир сааттын ичинде Жети-Өгүзгө кирип келдик.20140623_095250-1024x57612-9DC07AA2-110741-800Биз Саруу айылына кирээрден алдында түштөнүп алдык — анда бүт баары тынч жана туруктуу экен. Андыктан туруктуу, укмуштуудай кооз өлкөдө туризмдин өнүгүшү үчүн инвесторлорду тартууну улантабыз.12-D92DC621-66765-800-e140525608297210486958_659441957483958_2072210396_o-1024x57680 чакырым жүргөн соң саат 19:00дө Тамга айылына жеттик. Ошондо бир чакырымды үч мүнөттө өтүп жаттык. Күүгүм тарта баштаганда биз «Тамга» аскер санаториясынын аймагына түнөп алууга уруксат алып, чатырда уктадык. Биздин бул күнүбүз унутулгус сонун болду.20140623_061738-1024x576Эртең менен тамактанып алып Балыкчыны көздөй жөнөдүк. Алгач Бөкөнбаев айылына токтоп, ошол жерде уктап алалы деп пландаганбыз, бирок күчүбүз менен энергиябыз жетиштүү болгондуктан экинчи күнүбүздү Балыкчыда аяктоо үчүн тобокелчиликке салып сапарыбызды андан ары уланттык. Бирок тилекке каршы өтө караңгы болгондуктан 100 чакырымга чукул жол жүргөндөн кийин Тоң районундагы Кара-Талаа айылында токтойлу деп чечтик.20140623_115319-1024x576Кара-Талаа айылынын кире беришинде бир нече киши туруптур, алардын жанына барып чатырыбызды биринин коргоосуна тигип уктап алышыбызды өтүндүк. Ал кубануу менен макул болуп, бизди үйүнө чакырды. Мында кыргыздын өтө меймандостугун дагы бир жолу белгилеп кетким келүүдө. Үйүнө барганда бизди дароо эле кечки тамакка чакырышып, бизге мына мындай чоң порция лагман сунушту.12-EBE4521C-71183-80020140624_102941-1024x576Чынында үчүнчү күнү бир аз чарчап турганыбызды сездик, бирок жолго чыккандан кийин жакшы темп ала алдык. Кара-Талаа айылынан чыккандан соң көз алдыбызга Кыргызстандын бермети — Ысык-Көлдүн укмуштуудай көрүнүшү тартылды.20140623_104155-1024x57620140624_165559-576x1024 Түшкө жакын биз Балыкчы шаарына келдик. Анда түштөнгөн соң бир сааттын ичинде Тор-Айгыр айылына кирип бардык.20140624_192226-1024x576Жакшылап тамактанып алып «Нур» кичи пансионатынын ичинде жайгашкан ысык булакты көрүп, ага түшүп алуу үчүн жөнөдүк.20140624_192637-1024x576Сууга түшкөндөн кийин кечки тамакты ичип, катуу уйкуга чөмүлдүк. 

Эртең менен тургубуз келбей, саат 9:30га чейин эс алып алууну чечтик. Тамактанган соң Чолпон-Атаны көздөй багыт алдык. Алдыда бизди 140 чакырым күтүп турган. Педалдарды 7 сааттай айланттык.20140625_192302-1024x576Кечке жакын бизди эс алуучуларга толгон жайкы Чолпон-Ата тосуп алды. Мында бизди досторубуз күтүп алышып, ысык чай, даамдуу тамактар менен сыйлашты. Кечки тамактануудан кийин туристтер эс алып, сууга түшүп жүргөн көл жээгине бардык.20140626_105927-1024x576Бешинчи күн дегенде биз эч нерсеге карабастан Караколго баралы деп чечтик. Чындыгында бизди 140 чакырымдан турган өтө узак жол күтүп турган. Чолпон-Атадан саат 11:00дө чыктык.20140626_170156-1024x576Жолдо биздин туугандар жашаган Темир айылына токтоп,  эс алуу менен бирге түштөнүп алууну чечтик. 14:00дөн кийин айылдан чыгып, Караколго 20:30да жеттик.

20140626_203509-576x1024

Бизди бул сапарга түрткөн алгачкы нерсе — биз даыйма эмнеге башка өлкөлөрдөн келген туристтер ушундай сапарларга чыгышат да, биз — жергиликтүү тургундар — өздөрүбүз андай кыла албайбыз деп суроо салып келчүбүз. Эми мен беш күндүн ичинде велосипед менен Ысык-Көлдү айланып чыктым деп сыймыктанып, тартынбай, батымдуулук менен айта алам.

map_lake