Сурамжылоо: Бишкектиктер биометрикалык маалыматтарды чогултуу тууралуу

Жарандардын манжа издерин, санариптик сүрөттөрүн жана кол тамгаларын милдеттүү түрдө чогултуу жөнүндөгү талаштуу мыйзам долбооруна президент Алмазбек Атамбаев 14-июлда кол койгон.

Мыйзамдын авторлору биометрикалык маалыматтарды чогултуунун зарылдыгын улуттук коопсуздук, өлкөнүн бүтүндүгү, банктардын ишмердүүлүктөрүн коргоо жана терроризмге каршы күрөшүү менен түшүндүрүшүүдө. Өз кезегинде укук коргоочулар менен маалыматтык технологиялар тармагындагы эксперттер Конституция менен адамдын фундаменталдык укуктарынын бузула тургандыгы жөнүндө айтып жатышат.

КененирээкЖарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу президент тарабынан жактырылды

Kloop.kgнин кабарчылары Бишкектин тургундарынын арасында биометрикалык маалыматтарды милдеттүү түрдө тапшыруу жөнүндө кандай пикирде экендиктери жана алардын андай паспорт алаар-албасы боюнча сурамжылоо жүргүзүштү.

Сурамжылоого катышкандардын көбүнүн жоопторуна ылайык, эгер маалыматтарды чогултуу терроризмге каршы күрөшүү жана улуттук коопсуздук менен түшүндүрүлө турган болсо алар жеке маалыматтарын момундук менен тапшырууга даяр.

«Эгер мамлекет манжа издерин чогултуу керек десе демек тапшырыш керек да» — болжол менен сурамжылоого катышкандардын көбүнүн жообу ушундай мааниде.

Бирок Кыргызстандын жигердүү интернет колдонуучуларынын бир бөлүгү мындай көз караш менен макул эмес жана алар биометрикалык маалыматтар жакшы максаттар үчүн пайдаланылбай калышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

«Мисалы, кандайдыр бир кылмыш жасалгандан кийин дайыма манжа издерин аныктоо сыяктуу экспертизалар жүргүзүлөт.  Эми болсо ошол эле эксперттердин колунда бардык манжа издери болот. Аларга алып туруп эле: «Мына, биз сиздин манжа изиңизди таптык, сиз күнөөлүүсүз» деп айтып коюу гана жетиштүү. Анан 10 жыл түрмөгө отурасың. А биздин соттор менен териштирүүлөрдү жүргүзүүнүн кереги деле жок, аларга алып туруп эле ишти тезирээк жаап салуу гана жетиштүү», — деп эсептейт Улугбек Кеңешов аттуу колдонуучу.

«Фэйсбук» социалдык түйүнүнүн колдонуучуларынын бир катары бийлик ал акчаларды түштүктөгү газ каатчылыгы, кыргыз-тажик чек арасындагы талаш-тартыштар, же болбосо Чүй облусундагы суунун жетишсиздиги сыяктуу башка көйгөйлөрдү чечүүгө  жумшаса жакшы болмок деп эсептешет.

«Учурдагы социалдык чыңалууну жана инфляцияны эске алуу менен ал акчаларды башка керектүү жактарга жумшашса максаттуураак болмок. […] Өкмөттүн ал акчаларды жарандарын аңдууга жумшай тургандыгы таң калычтуу. Андан да таң калычтуусу — маалыматтарды чогултууну экономикалык жактан өлкө үчүн оор мезгилде баштоо чечимине келгендиги», — деп жазган Эмиль Йома аттуу колдонуучу.

Урматтуу окурмандар, өз манжа издериңиздерди, сүрөт жана кол тамгаңыздарды берүүгө макулсуздарбы? Мамлекеттик каттоо кызматынын ал маалыматтардын коопсуз сакташына ишенесиздерби? Негизи эле биометрикалык паспорттор керекпи? Андай пасортту аласыздарбы? Өз пикирлериңиздерди макаланын төмөнкү жагына жазып калтырыңыздар.