Тажик анклавын айланып өтчү жолдун курулушу убактылуу токтотулду

Кыргызстан 10-июлдагы чек арадагы кагылышуулардан кийин Ворух тажик анклавын айланып өтчү «Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык» унаа жолунун курулушун убактылуу токтотту.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылардын атышуусунан кийин тажиктердин Ворух анклавын айланып өтчү жолдун курулушу убактылуу токтотулган — анын курулушу 10-июль күнү башталышы керек болчу.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов Kloop.kgге берген маегинде жол «эч нерсеге карабастан» курулуп бүтө тургандыгын айтты.

«Чек ара маселелери боюнча комиссиянын мындан аркы иши тууралуу эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр уланууда. Бардыгы тең сүйлөшүү жолу менен гана жүрүүдө. [...] Чек арада чыккан чырга байланыштуу азыр жолдун курулушу убактылуу токтоп турат», — деди Эржигитов.

Кыргыз чек арачыларынын билдирүүлөрү боюнча, азыр Тажикстан менен чектеш райондордогу абал турукташкан.

«Биз чек аранын ал бөлүгүндөгү кызматкерлерди күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө режимине өткөрдүк. Тажикстан менен болгон чек арадагы беш көзөмөл-өткөрмө пункту штаттык режимде иштеп жатат», — деди Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева Kloop.kgге берген маегинде.

Ал кошумчалагандай, учурда эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосундагы 10-июль күнү орун алган  ок атышуу фактысы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Ишемби күнү Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев Тамдыкта болгон окуя боюнча ачык жыйын өткөргөн — анын жүрүшүндө чыңалууну азайтуу, өлкөлөр ортосундагы чек арада кагылышуулардын пайда болуу ыктымалдыктарын алдын алуу, ошондой эле окуяны биргеликте иликтөө боюнча чечимдер кабыл алынган.

Чек арадагы кагылышуу

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы атышуу 10-июль күнү чек аранын Баткен облусундагы бөлүгүндө орун алган. Окуя боюнча эки тараптын өз версиялары бар.

Кыргызстандын версиясы боюнча, чыр Тажикстандын бир нече жаранынын Каравшин кыргыз дарыясынан Ворух тажик анклавындагы Бедак айылына суу түтүгүн өткөрүү аракетинен кийин башталган.

«Мыйзамга сыйбаган аракеттерди» токтотуу үчүн кыргыз чек арачылары абага бир нече жолу ок чыгарышкан — бул жакын арада жүргөн тажик аскерлеринин ок атууларына себеп болгон.

Кыргыз чек ара кызматынын версиясы боюнча, тажик чек арачылары миномёт жана гранамёт менен «Тамдык» чек ара постун аткылап башташкан, анын жыйынтыгында Кыргызстандын бир аскер кызматкери жарадар болгон.

Өз кезегинде Тажикстандын бийлиги кыргыз аскерлерин көздөй ок аткандыктарын четке какгууда — алардын версиясы боюнча, Кыргызстандын чек арачылары суу түтүгүн өткөрүүгө аракет кылып жаткан тажик айылынын жашоочуларын аткылап башташкан.

«Алыс эмес жерде жүргөн тажик чек арачылары окуянын чоо-жайын тактоо үчүн барышып, кыргыз кесиптештеринин аракеттерин токтотууга аракет кылышкан. Жооп катары кыргыз чек арачылары күтүүсүздөн аларды көздөй автоматтан ок чыгарышкан», — деп жазылган Тажикстандын ТИМинин билдирүүсүндө.

Тажик бийлигинин версиясына ылайык, ал атышуунун жүрүшүндө тажик тараптан бир жарандык адам каза болуп, дагы сегиз киши жаракат алган, алардын арасында бир чек ара кызматкери да бар болгон. Бирок Кыргызстандын бийлиги жергиликтүү жашоочуларга аскерлери тараптан ок атуулар болгондугун четке кагууда.

Авторлор: Амина Сулеева жана Регина Даренко