Видео: Кыргызстандын кардуу тоолору 4000 метр бийиктиктен [+ сүрөт]

Kloop.kgнин кабарчылары төрт миң метр бийиктикке көтөрүлүшүп, «Билайн» уюлдук операторунун кызматкерлери менен бирге кыргыз тоолорунун чокуларында жайгашкан радиореле станцияларынын ишин текшерип келишти.

Биздин маршрут Төө-Ашуу ашуусундагы бийик тоолуу радиореле станциясынын жабдууларын монтаждоодон башталды. Ага чейин тик учак менен учуу бир саатка жетпеген убактыбызды алды — станция болжол менен Бишкектен 130 чакырым алыстыкта жайгашкан.IMG_9382-001IMG_9460Радиореле станциясы тоонун деңиз деңгээлинен 4200 метр бийиктиктеги чокуларынын биринде турат — Кыргызстандын аймагында мындай станциялардын саны 50дөн ашык, алардын бардыгы тең мамлекетке таандык жана стратегиялык мааниге ээ.IMG_9399Ар бир станциянын ичинде жергиликтүү телеканалдарга, радиостанцияларга жана мобилдик операторлорго таандык санариптик жана аналогдук жабдуулар бар.IMG_9441Мындай радиореле станцияларынын башкы максаты маалыматтарды кабыл алып, аларды андан ары жөнөтүү. Мисалы, Төө-Ашуу станциясы өлкөнүн түндүгүндөгү абоненттерди түштүктөгү абонеттер менен байланыштырып турат.

IMG_9567Мында жумушчулар эки айдан кезектешип иштешет, бизди тосуп алган жумушчулардын сменасы июлдун соңунда аяктайт. Алар ал жакка чейин бир нече сутка бою жөө барышат, анткени өтө тик болгондуктан кээ бир жерлери аркылуу атчан адамдар да өтө алышпайт.

IMG_9415Тик учак конуп жатканда же учаарда анын айланасындагы шамалдын ылдамдыгы өтө катуу болгондуктан станциянын жумушчулары алынып келинген жабдууларды өз салмактары менен коргошот.IMG_9453Жумушчулардын айтымдарында, алар үчүн эң чоң көйгөй станцияга чейин отун жеткирүү болуп эсептелет. Азык-түлүктөрдүн арасында негизинен кургак жей турган азыктар басымдуулук кылат.IMG_9562 (1)Мындай бийиктикте климаттык шарттар катаал жана суук:катуу шамал, кар жана жаркырап тийип турган күн.IMG_9463Биринчи монтаждоодон кийин учкучтар бир аз айланып туруп тик учактын майын алмаштыруу үчүн Суусамырга конушту.IMG_9499Маршруттун кийинки чекити Жалал-Абад облусундагы Арсланбоб айылынын жанында 3300 метр бийиктикте жайгашкан станция болду.IMG_9624Бул радиореле станциясындагы адамдар дагы кезектешип иштешет, бул тууралуу станциянын техниктеринин бири айтып берди. Алар үйлөрүнө ушул аптанын шаршембисинде кайтышат.IMG_9730Авторлор: Амина Сулеева жана Алексей Ким