Орусиянын негизги мамлекеттик ишканалары менен банктарына зыян келтире турган жаңы санкциялар Америка бийлигинин пикиринде, Орусиянын «Украинанын бүтүндүгүнө доо кетирип, жикчилдерди колдоосун улантып жатканынан» улам киргизилди. Кремль санкцияларды «коркутуп-үркүтүү» жана Орусия менен АКШнын мамилелерин «кыйратуу» аракети деп эсептөөдө.
Чектөөлөр биринчи кезекте негизги маанидеги эки орусиялык компанияга — мунай алпы «Ростнефть» менен газ өндүрүүчү «Новатэк» ишканаларына, ошондой эле бир нече мамлекеттик банктары менен курал-жарак өндүрүштөрүнө тийиштүү.
Санкциялар ал ишканаларды АКШдагы узак мөөнөттүү насыяларга жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Бирок ошол эле маалда санкциялар америкалык өнөктөштөрүнүн ал ишканалар менен ишкердик мамилелерин улантуусуна жана башка каржылык операцияларын аткарышына тыюу салбайт.
АКШ тарабынан киргизилген чектөө аракеттери алардын пикиринде, Орусиянын Украинанын түштүк-чыгышындагы чыңалууну азайтууга жетиштүү деңгээлде чараларды көрбөй жаткандыгы менен түшүндүрүлүүдө.
«Орусия буга чейин башкача билдирүү жасаганы менен Украинанын бүтүндүгүнө доо кетирип, жикчилдерди колдоосун улантууда. Орусиянын мындай аракети башкы эл аралык жүрүм-турумдун стандарттарына туура келбегендиктен биз орусиялык каржы мекемелери менен энергетикалык тармагына санкцияларды киргизип жатабыз», — деп жазган АКШнын Каржы министрлиги терроризм жана каржылык чалгындоо боюнча мамлекеттик катчынын орун басары Дэвид Коэндин айткандарына шилтеме жасап.
Ошондой эле киргизилген чектөөлөргө Мамлекеттик Думанын вице-спикери Сергей Неверов, Крымдын иштери боюнча министр Олег Савельев, Орусиянын президентинин жардамчысы Игорь Щеголёв жана атайын кызматтын генерал-полковниги Сергей Беседа сыяктуу орусиялык бир катар саясий ишмерлери да туш келишкен.
Америка бийлиги алардын кошмо штаттардын аймагына кирүүсүнө жана америкалык компаниялар менен каржы операцияларын жүргүзүүсүнө тыюу салды.
Орусиянын курал-жарак өндүрүшү менен алектенген ишканаларына карата киргизилген санкциялар АКШ тараптан жасала турган каржы операцияларынын толук токтотулушу жана эгер америкалык банктардагы активдери табыла турган болсо аларды тоңдурууга багытталган.
«Санкциялык союлча»
Өз кезегинде Орусия Украинанын түштүк-чыгышындагы жикчилдерди колдоп жатканын четке кагып, андай билдирүүлөрдү орунсуз деп атды.
Америка бийлигинин киргизген санкциялары Орусиянын президенти Владимир Путин тарабынан «жайбаракат» кабылданды, деп жазган Би-би-синин орус кызматы — анын айтымында, мындай аракеттер Орусия менен АКШнын ортосундагы мамилелерди туңгуюкка кептейт.
«Бул америка мамлекетинин, америка элинин узак мөөнөттүү улуттук стратегиялык кызыкчылыктарына зыянын тийгизет», — деп жазган Би-би-си Путиндин айткандарын.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШ тарабынан киргизилген санкциялар боюнча комментарий берип, аларды «Украинадагы окуялардын Вашингтондун сценарийи боюнча өнүкпөй жаткандыгы үчүн көрүп жаткан примитивдүү өч алуу аракети» деп атады».
«Натыйжасында ички терең каатчылыкка алып келип, көптөгөн курмандыктарга дуушар кылган коңшу өлкөдөгү жарандык согуш үчүн күнөөнүү Орусияга арта салуу аракети АКШнын стратегиясынын ордунан чыкпай калгандыгы тууралуу кабар берип турат», — деп билдирди Орусия Федерациясынын ТИМи.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин пикири боюнча, дипломаттар жазгандай «санкциялык союлчаларды» пайдалануу орус-америка мамилелерин туңгуюкка алып келиши мүмкүн.
«Биз тең укуктуулук, ички иштерге кийлигишпөө жана бири-биринин кызыкчылыктарын реалдуу эсепке алуу принцибинде бардык мамлекеттер менен, анын ичинде АКШ менен конструктивдүү кызматташууга барууга ачык болуп келгенбиз, алдыда дагы ачык болобуз. Ал эми коркутуп-үркүтүүлөргө чыдоо ниетибиз жок, жооптуу чараларды көрүү укугун өзүбүзгө калтырабыз», — деп билдирет ТИМ.
«Кыргызстанга таасирин тийгизбейт»
Kloop.kg тарабынан сурамжыланган сырткы саясат боюнча серепчилер АКШнын Орусияга карата киргизген санкциялары Кыргызстанга эч кандай таасирин тийгизбейт деп эсептешет — алардын бири Токтогул Какчекеевдин пикиринде, киргизилген чектөөлөр Орусиядагы кыргыз мигранттарына тийиштүү болбойт.
«Санкциялар өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара каржылык мамилелерге, техникалык каражаттарды жеткирүүлөргө тиешелүү. Эмгек мигранттары болсо кызмат көрсөтүү, курулуш тармактарында иштешет жана андай маанилүү ишканаларга тиешелери жок», — деп эсептейт эксперт.
Кыргызстандын мурунку мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов санкциялардын Борбордук Азия менен анын өлкөлөрүнө таптакыр таасирин тийгизбейт деген пикир менен макул.
«Анын Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизе тургандыгына күмөнүм бар, анүстүнө азырынча биз Бажы биримдигине мүчө эмеспиз. Бирок мунун Орусия үчүн кыйла эле олуттуу санкциялар экендиги анык», — дейт эксперт.
Ал санкциялар — бул Кыргызстанга таптакыр тиешеси жок «Орусия менен Американын иши» экенин айтты.
«А бизге эмне? Биз Калашников автоматтарын чыгарбайбыз. Биз курал-жарактар менен соодалашпайбыз. Ошондуктан мен бул кооптонуулар менен сөздөрдүн жөнү жок деп ойлойм», — деди Ибраимов.
Баалуу кагаздар рыногундагы баалардын кулашы
Санкциялар киргизилгенден кийинки алгачкы күнү Орусиянын ишканаларынын акцияларынын баасы чукул түшүп кетти, өз кезегинде бул баалуу кагаздардын рыногундагы баалардын кулашын жаратты, деп жазган Би-би-синин орус кызматы.
«Орусияда газ өндүрүү тармагында чоңдугу жагынан экинчи орунда турган «Новатэк» 5,5 пайызга түшүп кетти. «Роснефть» ири мунай компаниясынын акциялары ачык соодалашууда 5,6 пайызга арзандады», — деп жазган Би-би-си.
Каржы дүйнөсүндө акциялардын баасынын бир пайыздан көбүрөөк түшүшү чукул түшүү катары эсептелет. Би-би-си талдоочуларга таянуу менен АКШнын санкциясынан улам Орусияны ички дүң өнүмүнүн бир пайызга түшүшү күтүп тургандыгын жазган.
«Бул жолкусунда дал санкциялык чаралар бир топ эле оор сезилүүдө. Албетте катастрофалык эч нерсе деле жок, бирок бул ички дүң өнүмдүн бир пайыздан кем эмесине туура келет [...] — бул өтө көп. Мында жөнөкөй логика иштебейт — «эгер бир рублден бир тыйынды алса деле баары бир рубль калат», — деп жазган басылма «Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун» талдоочусу Никита Кулаченковдун айткандарын.
Автор: Дарья Дариенко